Илияс Осмонов Зергер. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993). 1940-ж. Жети-Өгүз районундагы Даркан айылында төрөлгөн.

Бишкек политехника институтунун курулуш факультетин бүтүргөн. 1992-жылдан Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, 1990-ж. Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзу ага «Элдик чебер» деген наам ыйгарган. Зергерчиликке Абдыгалый Рахматуллаев үндөктөгөн. Кошалы Кызгараевдин да таасири тийген. Илияс өз өнөрүн «чапкылоодон» баштаган. Ал күмүш бетине көркөмдүк түшүрүүдө мельхиорду, нейзилберди, жезди, мисти колдонууда. Анын негизги узануу чабытына желбирөөч, сөйкө, күбөк, билерик, шакек, бойтумар, таш мончок, төөнөч, оймок өңдүүлөр кирет да, булардын баары биригип келип, зер жасалгасынын бир бутүмүн түзөт. Анын зер жасалгалары көргөм салонго тез-тез түшөт. Мыцдан сырткары көргөзмө-фестивалдардын урматына кыргыз элинин чеберчилигин сыпаттаган анын улуттук буюм-тайымдары Москвадагы көркөмдүк салонго, дүкөндөргө, айрымдары башка чет өпкөлөргө да жөнөтүлгөн. Буюм жасоодо колдонулуучу аспап-куралдарын да өзү жасап алган. Уста зер буюмдарын жасоодо көрүктү, электр кубаты менен металл эритүүнү, аны кандоочу аспапты пайдаланат. Илиястын жекече ыкмаларынын бири буюм бетин «сиркелетүү» («таруулатуу») деп аталат. Ал улам майда болуп, буюмга жыш түшкөн сайын үлгүнүн ажары ачылып, жүзүн кубултат. Бул тыкыр ыкма. Мөлт эткен таруудай «сымаптар» ойноктоп турат. Майда тоголок таруудай бөлүктөрдү жасалып жаткан буюмга ширетүү үчүн аны бурага чылап, отко коюп, анан данакерлейт. Чыйратылган күмүш зымды нускаларьгаа кармап «торчолоо» ыкмасын колдонууда зергер салттуу нуктан жандырбай узанат. Металлга көркөмдүк түшүрүү үчүн Илияс зергерчиликтин көптөгөн ыкмаларын колдонот. Асем үлгүлөрүнө көбүнчө «ай», «жарым ай», «шөкүлө» өңдөнгөн түспөлдү арбын кармайт. Аларга шуру, маржан чачыктарын чыгарат. Мындан майда гүл өңдүү калакчалар пайда болуп, зергердин устачылык бөтөнчөлүктөрү көрүнөт. Асемдеген буюмунун азыркы жаштардын талабына ылайык, жарашык берүүчү жагдайларын көбүрөөк эске алууда. Чакан, сыйда, колдонууга ыңгайлуу түспөл табууга аракеттенүүдө. Жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XII фестивалына катышкан Ак-Суу райондук «Боз салкын» ыр-бий ансамблинин зер жасалгалары да Илиястын колунан жаралган. Бишкектеги «Жеңиш аянтынын», «Барчын» ресторанынын зергерчиликке байланыштуу көркөм жасалгаларына да узанган. Зергердин шакиртинин бири Имербек Эрназаров азыр буюмга «тогуз төбөлөө» кооздугун түшүрүүгө машыгууда. Дагы бири Изат Айткулов кара темирчиликти жыгаччылык менен айкалыштырып кармоодо. Эмгеги баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1986 ж. Эрфурттагы эл аралык көргөзмө. Зер буюмдары менен катышкан; 1986 ж. «Сүрөтчүлөр жана колдонмо-жасалга өнөрүнүн республикалык көргөзмөсү». Зер жасалгалары менен катышкан; 1987 ж. Эл чыгармачылыгынын II фестивалына карата Кыргыз ССР Маданият министрлигинин, Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун биргелешкен көргөзмөсү». Зер жасалгалары музейге экспонатталган; 1988 ж. «СССР Сүрөтчүлөр союзуна өтүүгө талапкерлердин көргөзмөсү». Зер буюмдары менен катышкан; 1989 ж. «Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзундагы «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Зер буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0