Даркан (айыл)
(«Даркан, Жети-Өгүз району» барагынан багытталды)
Даркан (кырг. Даркан) — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Даркан айыл өкмөтүнө караштуу. Жууку суусунун сол өйүзүндө, Бишкек Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1733 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 10 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 172 км. Кыштак 1911-жылы негизделген. Калкы 6407 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто жана негизги мектеп, бала бакча, медпункт, амбулатория, дарыкана, маданият үйү, китепкана бар.[1]
Отурукташкан жай
Даркан
|
Байланыштуу макалалар
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.