Ильина, Лидия Александровна
Ильина Лидия Александровна (1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары - 1994, Бишкек) – даңазалуу кыргыз совет графикачысы, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү (1963).
Өмүр таржымалы
түзөтүүЛидия Ильина 1915-жылы Орусиянын Михайлов шаарында туулган.
1939-ж. Москва көркөм сүрөт институтун бүтүргөн. Кыргызстанда 1939-жылдан иштейт.
1947-ж. окутуучусу В. Фаворскийдин таасири менен «Манас» эпосуна кайрылган.
Ал 1994-жылы 14-октябрда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында каза болгон.
Көркөм өнөр мурасы
түзөтүүАл өзүнүн гравюраларындагы кыргыз улуттук оюмдарында эпостогу көрүнүштөрдү же эпизоддорду гана чагылдырбастан, баатыр-каармандардын образын да ачып берген.
«Алмамбет - Манастын баатыры», «Бакай — Манастын баатыры» жана башка гравюраларында бет маңдайынан жайгаштырылган баатырлардын тулкулары кагаздын тегиз бетине өзгөрүлбөгөн абалда ишке ашырылган.
Ал «Манас» темасына 1972-ж. кайрадан кайрылып линогравюра техникасында «Эпос», «Манасчы» серияларын жараткан.
Сыйлыктары
түзөтүүСССР мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1971).
Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6—7-шайлоо) депутаты.
Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Манас энциклопедия, 2-том, Б,1995-ж.