Ильменит - (Ильменит 1-табылган жер Ильмень тоосунун атынан), титандуу темир татаал кычкылдарга кирүүчү минерал. Химиялык формуласы FeTiO3. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү кара, күңүрт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5-6. С. салмагы 4,7. Габбро, диабаз, пироксенит, кимберлит тоо тектеринде, сиенит пегматиттеринде жана чачынды кендерде (росыпь) кезигет. Ильменит металлургия, химия ж. б. өнөр жайларда кеңири колдонулуучу титан металлы алына турган баалуу кенташ.

Ильменит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү