Ильясов Сатар (1908, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы — 1987, Бишкек ш.) — тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), Кыргызстан ИАнын академиги (1969; мүчө, 1960).

1938-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн.

Ильясов жылкычы, райовдук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим, кафедра башчысы, декан; 1944—65-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы, директор. Кийин Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда илимий консультациячы, 1966—77-ж. Кыргызстан КП БКнын партиянын тарыхы институтунда директор.

Республикасынын кооперация-колхоздук курулушуна арналган жана башка 100дөн ашык илимий эмгеги бар. Эмгектеринин көбү Кыргызстандагы агрардык маселеге, айрым эмгектери Ысык-Көл кыргыздарынын этнографиясын изилдөөгө арналган.

Эл достугу, 3 «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССРинин илим жанатехника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970, «Кыргыз ССРинин тарыхынын» авторлорунун бири катары), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1975).

Орус тилиндеги эмгектери түзөтүү

Кооперативно-колхозное строительство в Киргизии (1918-1929 гг.) — Фр.: 1959

Земельные отношения в Киргизии в конце XIX — начале ХХ'вв. — Фр.: 1963

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү