Башбаракты ачуу

Иманалиев Элмирбек Калилович

Иманалиев Элмирбек Калилович (1978-ж. т., Өзгөрүш айылы) - төкмө акын, обончу, дастанчы. КР Эмгек сиңирген артисти (2010), КР Эл артисти (2016).

Кыргыз улуттук Т. Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эстрадалык студияда окуйт. 2004-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы институттун фольклор бөлүмүн бүтүргөн.

1994-98-ж. “Сейтек” балдар борборунда, филармонияда, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында эмгек кылган. Республикалык коомдук “Айтыш” фондусунун (корунун) аткаруучу директору.

1993-жылдан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып келет. “Актаңдай” акындардын айтышында баш байге (1993), залкар акын А. Үсөнбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган дастанчылардын республикалык сынагында экинчи (1994), Жалал-Абад шаарында өткөн “Курманбектин” 500 - жылдыгына арналган айтуучулардын республикалык сынагында баш байгени (2000), ордо калаада өткөн эл аралык “Жеңижок - 140” акындардын айтышында баш байгени (2000), Таластагы “Манас ордодо” өткөн “Талас таңшыйт” эл аралык акындардын айтышында (2001), Бишкекте өткөн республикалык ак таңдайлардын сынагында (2002) баш байгелерди жеңип алат. Ал эми Казакстандын эгемендик күнүнө карата Түркстан шаарында, Шымкендеги оң түштүк Казакстан облусунун 70-жылдыгына арналган эл аралык айтышта 2-орунду ээлейт. Э.Иманалиев 2003-ж. төкмө акын А. Айталиевдин 75 жаш кутман курагына, Казыбек казалчынын 100 жылдыгына арналган жана Астанада өткөн акындардын эл аралык айтыштарында баш байгени, 2-орунду жеңип алат. И. айтышка түшкөндө буйдалбай шар төгөт, сөзүнүн көркөмдүүлүгүнө, уйкаштыгына, обонуна өзгөчө көңүл бурат.

Ар бир акын менен айтышканда ар башка обонго салып ырдайт. Мис., казак акындары менен айтышканда комуздун, домбранын коштоосунда казак обондору менен сабалта төгөт. И-де аткаруучулук артистизм күчтүү. Ал сахнада өзүн эркин кармап, жадырап жайнай отуруп айтышат. 2003-ж. Кыргыз улуттук Т. Абдымомунов атындагы академиялык драма театрында коюлган акын-драматург С. Алтымышевдин “Токтогул” аттуу пьесасынан башкы каарман Токтогулдун ролун ойнойт. “Жалгыздыктан жадап бүттүм”, “Аксекет”, “Булбулум”, “Боздотпочу” аттуу эл арасында белгилүү обондордун автору. Төкмөлүк, обончулук менен “Курманбек”, “Олжобай менен Кишимжан” дастандарынан, “Манас” жомогунан үзүндүлөрдү башка айтуучулардан айырмалаган обондуулукта, чеберчиликте аткарат.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5