Иман Хелиф

Алжирлик мушкер

Иман Хелиф (ар. إيمان خليف‎) —Алжирлик спортчу, бокс боюнча спорт чебери. 2020 жана 2024-жылкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу[2].

Иман Хелиф
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял и cisgender woman

Жарандыгы

 Алжир

Чеберчилиги

Бокс

Төрөлгөн датасы

2 -май 1999(1999-05-02) (25 жаш)

Төрөлгөн жери

Тиарет, Алжир[1]

Бою

1.78 см

Салмагы

66 кг

Imane Khelif

2022 жана 2023-жылдары эки көз карандысыз лаборатория тарабынан жынысын аныктоо сыноолорунан өтпөй калгандыктан, 2023-жылы эл аралык бокс ассоциациясы Хелифке аялдардын бокс боюнча мелдештерине катышууга тыюу салган[3][4].Бирок эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) жана Paris Boxing Unit[5], Эл аралык бокс ассоциациясынын чечиминен сырткары, спортчунун башка критерийлерин карап чыгып, Хелифке 2024-жылкы Олимпиада оюндарында аялдар арасындагы бокс боюнча мелдешке катышууга уруксат берген[6].

2024-жылкы Олимпиадада италиялык Анжела Карини жеңгенден кийин, спортчу трансгендер же интерсекс деген ырасталбаган айыптоолордон улам интернетте куугунтукка кабылган[7].

Өмүр баяны

түзөтүү

Иман Хелиф 1999-жылы 2-майда Алжирдин түндүк-батышындагы Тиарет провинциясында туулган. Балалыгы айылда өткөн. Ал айылдык балдар менен чогуу футбол ойноп жүрүп, кийин бокс менен алектенүүгө киришкен. Машыгуу үчүн коңшу айылга барууга туура келип, автобустун жол акысына темир калдыктарын сатып акча кылган[8]. Атасы анын бокс менен алектенүүсүнө каршы болуп келген[9].

2018-жылы кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда Хелиф биринчи раундда казакстандык Карина Ибрагимовадан утулуп, 17-орунга ээ болгон[10]. Ал эми 2019-жылы дүйнө чемпиондугунда орусиялык Наталья Шадринадан утулуп калгандан кийин 33- орунга ээ болгон[11].

2020-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарында жеңил салмактагы аялдар арасында Алжирдин атынан чыгып, чейрек финалда ирландиялык Келли Харрингтондон жеңилип калган[12][13]. 2022-жылы Дүйнө чемпиондугунда Хелиф нидерланддык Челси Хейненди жеңип, финалга чыккан алгачкы алжирлик мушкер болуп калган[14]. Андан соң финалда ирландиялык Эми Бродхерсттен жеңилип, экинчи орунду алган[15][16]. Ошол жылдын аягында Хелиф Жер ортолук деңиз, Араб оюндарында жана бокс боюнча Африка чемпиондугунда алтын утуп алган[17][18]. 2023-жылдын март айында ал кайрадан кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун финалына чыккан. Бирок алтын үчүн мелдешке аз калганда тандоо критерийлерине жооп бере албаганы үчүн дисквалификацияланган.

Хелиф медициналык себептерден улам чемпиондукка катышуу укугунан ажыратылып, бул анын организминдеги тестостерондун жогорку деңгээлде болушу менен байланыштуу экени айтылган[19][20][21]. Италиялык эндокринолог Жанлука Аймареттинин айтымында, кээ бир сейрек патологиялык учурлар бар. Анда XY хромосомасы аялда пайда болушу ыктымал жана Хелиф "жыныстык дифференциациянын бузулушуна кабылган тубаса оору менен төрөлүшү мүмкүн" деген божомолду айткан[22].

Булактар

түзөтүү
  1. Париж Олимпиадасында гендердик жаңжалды жараткан мушкер Иман Хелиф деген ким?. Super.kg. Текшерилген күнү 3 -август (баш оона) 2024.
  2. Imane Khelif. Olympics.
  3. Statement made by the International Boxing Association regarding Athletes Disqualifications in World Boxing Championships 2023. Эл аралык бокс ассоциациясы (31 -июль (теке) 2024).
  4. IBA исключила из чемпионата мира спортсменов, которые пытались выдать себя за женщин. ТАСС (25 -март (жалган куран) 2023).
  5. https://www.sportmk.ru/sports/2024/08/02/mok-i-paris-boxing-unit-podderzhali-provalivshikh-gendernyy-test-boksersh.html
  6. Joint Paris 2024 Boxing Unit/IOC Statement (2 August 2024).
  7. Tanner Stening. Olympic boxing controversy sparks debate: Is gender eligibility testing in sports fair or flawed? (2 August 2024).
  8. Ruth A top female boxer, Imane Khelif, dreams of gold to inspire young people (8 March 2024).
  9. Paris 2024: Algeria condemn 'baseless attacks' on boxer (англ.) (31 July 2024). Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2024.
  10. AIBA Women's World Boxing Championships 2018 Women's Light (57-60kg) Draw Sheet (24 November 2018). Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2024.
  11. AIBA Women's World Boxing Championships 2019 Women's Light W60 kg Draw Sheet (13 October 2019). Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2024.
  12. Harrington guaranteed medal after reaching -60kg semis (en-GB) (3 August 2021). Текшерилген күнү 1 Апрель 2023.
  13. Tokyo 2020: Harrington guarantees medal with Khelif win (3 August 2021). Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2024.
  14. Kenza Imane Khelif en finale des Mondiaux de boxe: Historique ! (18 May 2022). Текшерилген күнү 18 -май (бугу) 2022. Түп булактан архивделген күнү 20 -май (бугу) 2022.
  15. Le Président Tebboune félicite Imane Khelif, sacrée vice-championne du monde de boxe (FR) (20 May 2022). Архивировано из первоисточника 4 Апрель 2023. Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2024.
  16. Boxer in gender row Khelif wins fight in 46 seconds (1 August 2024). Текшерилген күнү 1 -август (баш оона) 2024.
  17. JM/Boxe: résultats des finales (фр.) (2 July 2022). Текшерилген күнү 2 -август (баш оона) 2024.
  18. Championnats d’Afrique de Boxe amateur 2022 (фр.) (pdf). Текшерилген күнү 2 -август (баш оона) 2024.
  19. IBA исключила из чемпионата мира спортсменов, которые пытались выдать себя за женщин. ТАСС (25 -март (жалган куран) 2023). Текшерилген күнү 2 -август (баш оона) 2024.
  20. Les Olympic boxer who faced gender-eligibility claim wins, igniting outcry. Текшерилген күнү 2 -август (баш оона) 2024.
  21. Ingle. Boxers who failed gender tests at world championships cleared to compete at Olympics (30 July 2024). Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2024.
  22. Francesco Caso Khelif, il medico: "Non è transgender. L'ok del Cio va rispettato: non arriva su basi ideologiche" (итал.) (1 August 2024). Текшерилген күнү 2 -август (баш оона) 2024.