Императив (латын тилинен келген Imperativus — буюруучу) — талап буйрук жана мыйзам. Императив Кант колдонгон термин, эмне кылуу жана милдеттенмени кантип аткаруу керектигин аныктаган башкы принципти, жогорку талапты, жалпы мыйзамды көрсөтөт. Категориялык Императив төмөндөгүдөй формулага келтирилет. Өзүң жетектелип, ошол эле мезгилде, анын жалпы мыйзам болушун каалаган эрежелерге ылайык гана аракет кылат ар дайым сен өзүңдө жана башка бирөөнүн жүзүндө адамзатка каражат гана эмес максат катары мамиле кыл. Саясатта Императив индивиддердин, социалдык топтордун жана мамлекеттердин ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөрүлгүс эрежеси катары түшүн-дүрүлөт. Ядролук, химиялык, бактериологиялык согушка жол бербөө менен байланышкан адамзаттын жашоосун сактап калуу, айлана чөйрөнү коргоо зарылчылыктары бүгүнкү күндүн шексиз Императивди болуп саналат. Адамзаттын өнүгүүсү менен Императив менен аныкталган милдеттүүлүктөрдүн чөйрөсү кеңейүүдө. «Императив». түшүнүгү менен саясий лидердин полномочиелеринин жана укуктарынын көлөмү да камтылат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9