Инвазия ылаңдарыжаныбарларга тиешелүү мителер козгогон ылаңдардын тобу. Алар козгогучтарына жараша бир нече топко бөлүнгөн: протозооздор (жөнөкөйлөр), гельминтоздор (гельминттер), арахноздор (жөргөмүш сымалдар, кенелер), энтомоздор (чымын-чиркейлер). Айыл чарба жаныбарларында инвазия ылаңдары клиникалык белгилери айкын формада өтүп, бир кыйла өлүмгө учуратат. Кээде, тымызын формада өтөт, мисалы, диктиокаулёзго чалдыккан эттүү койлордо күзгө, жазга чейин ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок, багуу начарлап, тоют жетишсиз болгондо, ылаңдын белгилери пайда болот. Инвазия ылаңдарынын көпчүлүгү узакка чейин тымызын же клиникалык белгилери байкалбай өтөт. Инвазия ылаңдарынын таралышына табият шарттары: климат, топурак, фауна жана флора, суу булагынын саны жана сапаты жана башкалар факторлор чоң таасир этет. Мисалы, жаан-чачындуу мезгилде ылаңдаган малдын саны көбөйөт, бодо менен жылкыны көпкө дейре бир эле жайытта кармай бергенде гельминттер козгогон ылаңдар күч алат. Инвазия ылаңдарында мите алып жүрүүчүлөрдүн ролу чоң, себеби аларда ылаңдын клиникалык белгилери билинбейт, бирок ылаңды узакка чейин тымызын таратуучу болуп кала берет. Инвазия ылаңдары мал чарбасына бир кыйла экон. зыян алып келет. Инвазия ылаңдары көбүнчө жаш малды, өзгөчө канаттууларды зыянга учуратат, ошондой эле, малдын башка ылаңдардан жапа тартышына көмөкчү болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү