Инвестициялык тастыктама

Инвестициялык тастыктама – чет өлкөлүк тажрыйбада белгилүү киреше алууга укуктуу баалуу кагаздардын (инвестициялык фонд) атайын фондундагы үлүш (катышуу) жөнүндө күбөлүк. И. т. туруктуу үстөк пайыздуу баалуу кагаздарга да, акцияларга да жатпайт. И. т-нын баасы инвестициялык фондго киргизилген акцияларга суроо-талапка карата өзгөрүлүп турат. И. т. бир аз гана биржаларга, м.: Нью-Йорк, Лондон, Цюрих биржаларына коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү