Индоссамент (нем. Indossament) – векселдин, чектин, коносаменттин жана башка баалуу кагаздардын артына коюлган, бул документтер боюнча укукту бир жактан (индоссанттан) экинчи жакка(индоссатка) өткөрүлүп берилгенин билдирүүчү өткөрүп берүү жазуусу. И. ээсинин аты жазылган, ордердик (документтин ээсинин же пайдалануусуна берилген кишинин аты көрсөтүлөт) же бланкалык (көрсөтүүчү) болушу мүмкүн. И. вексель же чек боюнча индосантка ал документ боюнча төлөө жоопкерчилигин жүктөйт. И-тин бир нече: толук, бланкалык, инкассолук түрлөрү бар. Толук (ысымы жазылган) И. кимге же кимдин буйругу боюнча төлөм ишке ашырылуучу жакты көрсөтөт. Бланкалык И. бир гана индоссанттын койгон колунан турат жана вексель берилип жаткан жак көрсөтүлбөйт. Бланкалык И. көрсөтүүчүнүн И-инин күчүнө ээ болот. Инкассолук И. – векселди алуучу жак вексель боюнча жазалоого гана акылуулугун тастыктаган өткөрүп берүү жазуусу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү