Индуктор (биология)
Индуктор (лат. inductio - козгоочу)
- организмди (бактерияны) курчап турган чөйрөдө болуп, ферменттин иштелип чыгуусуна түрткү берүүчү зат. И-суз фермент бактерияда синтезделбейт. Мисалы, лактоза жок болгон кезде, ичеги таякчасында, бул кантты ажыратуучу ферменттер иштелип чыкпайт.
- өтө эле аз өлчөмдө, түйүлдүктүн клеткаларынын өз ара аракетине, багыттуу (кыймылына) жана алардын бири-бири менен болгон байланышын жөнгө салуучу, атайын заттын бөлүнүп чыгышына таасир этүүчү, гистондук эмес белок.
Индукция - индуктор козгогон процесстер.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|