Индустриялаштыруу - эл чарбасынын бардык тармагында, өзгөчө өнөр жайда машина өндүрүшүн куруу процесси.

Индустриялаштыруу өлкөнүн экономикасында өнөр жай продукциясын арбын чыгарууну, агрардык же агрардык-индустриялуу өлкөнү индустриялуу-агрардык же индустриялуу өлкөгө айландырууну камсыз кылат. Индустриялаштыруу мүнөзү, темпи, булагы, максаты жана социалдык натыйжасы өлкөдөгү үстөмдүк кылган өндүрүштүк мамилелерге байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.