Инкрустация (латынча incrustatio – бир нерсе менен жабуу) – 1) И. техникасы менен аткарылган чыгармаларды өз ичине камтыган жасалга-колдонмо көркөм өнөрүнүн бир бөлүгү; 2) жасалгаланып жаткан предметтин тегизделген үстүңкү бетине киргизилчү кээде баалуу металл материалдарынан (алтын, күмүш, пил сөөгү, перламутр жана башкалар.) же катуу бир нерсенин кесимдери менен пластинкалардан жасалуучу жасалгалык композициялардын аткарылыш техникасы. Бул техника менен аткарылуучу өзүнчө жасалгалык композиция да И. аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү