Институтташтырылган механизм

Институтташтырылган механизм - тигил же бул саясатты илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп, тийиштүү эрежелер жана ченемдерге ылайык тартипти, туруктуулукту орнотуу жана алардын так сакталышын камсыз кылуу ыкмасы. "Аялдардын абалын жакшыртуучу улуттук механизм өкмөттүн алкагындагы саясатты жөнгө салуучу борбордук бөлүмчөнүн ролун ойнойт"[1]

Институтташтырылган механизмдердин негизги курамдык бөлүктөрү:

  • мамлекеттик башкаруу тутумунда аялдардын абалын жакшыртуу жана гендердик теңчиликти орнотуу функцияларын аткарган башкаруучу түзүмдөр болушу керек;
  • эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу маселелерин жөнгө салган улуттук мыйзамдар жана эларалык конвенцияларды жана башка ченемдик документтерди ратификациялоо[2];
  • эларалык гендердик өнүгүү концепцияларынын контекстинде улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде гендердик саясатты өнүктүрүү стратегияларын, программаларын жана пландарын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу.

Кыргызстандагы аялдардын абалын мамлекеттик жөнгө салуу тарыхын шарттуу түрдө эки мезгилге бөлсөк болот:

  • совет бийлиги өкүм сүрүп турган мезгил;
  • көзкарандысыздыкка жеткенден кийинки мезгил.

1919-жылы ВКП (б)нын борбордук жана жергиликтүү комитеттеринде аялдар бөлүмдөрү түзүлө баштаган. Алар аялдарын эмансипацияланышына байланыштуу маселелерди чечүү, аларды чарбалык курулушка жана мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу, аялдарды коммунисттик идеологиянын алкагында тарбиялоо, үй-бүлө жана энелер институттарын трансформациялоо процесстерин жөнгө салуу сыяктуу маселелер менен иштешкен. 1925-жылы Кыргызстанда партиясы жок аялдар үчүн биринчи дубандык съезд өткөрүлгөн жана бул жыл аялдар кыймылы башталган ийгиликтүү жыл десек болот.

Партиянын XVI чечиминин негизинде (1930-жыл) ишканаларда кыз-келиндер кеңештери расмий түрдө уюштурулуп, партиялык органдардагы кыз-келиндер бөлүмдөрү жоюла баштаган. 1934-жылы Сталин СССРде аялдарга байланыштуу көйгөйлөр чечилди деп жарыялаган. 1941-жылдын сентябрь айында Фашисттерге каршы советтик аялдардын комитети түзүлүп, 1956-жылы Советтик аялдар комитетине өзгөрүлгөн. Аталган комитеттин курамына СССР республикаларынын, дубандарынын жана шаарлардын өкүлдөрү киришкен. Жетекчи орган Аялдардын комитетинин пленуму болуп, ал жыл сайын чакырылып турган. Комитет коомдук уюм деп эсептелгени менен, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, мамлекеттик саясатты толугу менен жүзөгө ашыруу менен алектенген. Ошентип, 1991-жылы аялдардын абалы менен иштеген бирден-бир орган Кыргызстандагы аялдар комитети болгон.

Кыргызстан көзкарандысыздыкка жеткен мезгилден баштап, өлкөдө менчиктештирүү, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ыйгарым укуктарды чектөө сыяктуу процесстер башталып, аялдардын иштерин институтташтыруу маселесине өзгөрүүлөр киргизилди. Алгач, 1992-жылы республиканын аймагында совет бийлиги дале өкүм сүрүп турган мезгилде, Кыргызстагы аялдар комитети өзүнүн борбордук аппаратын иштетип, ар кандай иш-чаралардын өткөрүү үчүн чакан мамлекеттик субсидияларды алып турган. 1993-жылы аялдардын биринчи бейөкмөт уюмдары (БӨУ) пайда болуп, алардын көпчүлүгү өз алдынчалыгын жана мамлекеттен көзкарандысыздыгын билдиришкен: "Мээрим" кайрымдуулук фонду, Аялдарга жардам берүү борбору ж.б. Ал эми Аялдардын комитети жоюлуп, анын айрым мүчөлөрү - Кыргызстандагы аялдардын конгресси деген уюмду негиздешкен. Ушуну менен мамлекеттик саясатты Аялдардын комитети аркылуу жүзөгө ашыруу механизми бузулуп, аталган комитет аялдардын көптөгөн бейөкмөт уюмдарынын бири болуп калган. Мыйзам чыгаруу базасы жана аутсорсинг принциптерин пайдалануу тажрыйбасынын жоктугунан улам, аялдардын иштери боюнча мамлекеттик туңгуюкка такалып, 8-март сыяктуу майрамдарды белгилөө иш-чаралары менен гана чектелип калган.

Кырдаал 1995-жылдан кийин гана өзгөрүлгөн, ошол жылы Кыргызстандын делегациясы Пекиндеги Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясы сыяктуу ири эларалык саммитке катышып, Кыргызстан Пекин иш-аракеттер платформасын (ПИП) аткаруу милдеттенмесин алган. Кыргызстандын ПИПна кошулушу институтташтырылган механизмдин өнүгүүсүнө алып келген. 1996-жылдын март айында КРнын Өкмөтүндө Аялдар жана үй-бүлөлөрдүн маселелери боюнча мамлекеттик комиссия[3] түзүлүп, дубандык мамлекеттик администрацияларда тийиштүү адистер дайындалып, аялдардын демилгелери сыяктуу дубандык борборлор уюштурулган[4].

1998-жылы КРнын Президентине караштуу Аялдардын, үй-бүлөлөрдүн маселелери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш сыяктуу ведомстволор аралык орган түзүлүп (мындан ары - Улуттук кеңеш), аны КРнын Мамлекеттик катчысы (мындан ары - Мамкатчы) жетектемек болду. 2010-жылы Мамкатчы деген кызмат оруну жоюлгандан кийин, Улуттук кеңештин статусу белгисиз болуп калган. Ал 2012-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу консультативдик-кеңешме органы катары кайрадан жанданган. Улуттук кеңештин ишин Үй-бүлө, аялдар жана жаштар маселелери боюнча мамлекеттик комиссия (1996-2001) аткарган. 2001-жылдан баштап 2013-жылга чейин бул аткаруучу органдын түзүлүшү төмөнкүдөй өзгөрүүлөргө дуушар болгон:

  • Гендердик саясат боюнча катчылык - КРнын Президентинин администрациясынын бөлүмү (2001-2004);
  • КРнын Президентинин администрациясындагы экономикалык жана социалдык өнүгүү бөлүмү (2005-2008);
  • КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмү (2008-2011);
  • КРнын Эмгек, жумуш менен камсыз болуу жана миграция министрлиги (2011-2013);
  • КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги (2013-жылдан баштап).

Аялдардын абалын жакшыртууга багытталган биринчи документ 1996-2000-жж. карата "Аялзат" улуттук программасы болуп, андан соң төмөнкү документтер кабыл алынган: 2002-2006-жж. карата Гендердик теңчилик боюнча улуттук иш-аракеттер планы (УИП-1) жана 2007-2010-жж. карата Гендердик теңчилик боюнча улуттук иш-аракеттер планы (УИП-2).

Кыргызстанда гендердик теңчиликти орнотуу жаатындагы биринчи узак мөөнөттүү документ - 2012-жылдын 27-июнунда кабыл алынган КРнын Өкмөтүнүн №443 токтому менен бекитилген 2020-жылга чейин гендердик теңчиликти орнотуу боюнча КРнын Улуттук стратегиясы; ушул Стратегияны жүзөгө ашырууга багытталган 2012-2014-жж. гендердик теңчиликти орнотуу боюнча Улуттук иш-аракеттер планы (УИП-3).

Эскертмелер

түзөтүү
  1. 1997-жылдын 1-октябрындагы КРнын Жазык кодексинин № 68 мыйзамы (2015-жылдын 28-июлундагы КРнын №200 мыйзамынын редакциясында).
  2. Пекин иш-аракеттер платформасы (ПИП), 201-пункт
  3. Алардын катарында Кыргызстандын Коммунисттик партиясы да болгон.
  4. Ошол эле жылдын соңунда ал КРнын Президентине караштуу Үй-бүлө, аялдар жана жаштар маселелери боюнча мамлекеттик комиссияга өзгөрүлгөн.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси

түзөтүү
  • 1. Пекин иш-аракеттер платформасы. 1995-жылдын 4-15-сентябрында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында кабыл алынган.
  • 2. 2012-жылдын 27-июнунда КРнын Өкмөтүнүн №443 токтому менен бекитилген 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликти орнотуу боюнча КРнын улуттук стратегиясы.
  • 3. 1996-2000-жж. карата "Аялзат" улуттук программасын жүзөгө ашыруу боюнча аялдардын демилгелеринин борборлору жөнүндө жобо. 1996-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №627 токтому менен бекитилген.
  • 4. 1996-2000-жж. карата "Аялзат" улуттук программасынын негизги багыттары (аялдардын бейөкмөт уюмдары жана эларалык уюмдардын көмөктөшүүсү менен иштелип чыккан). 1996-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин №94 Жарлыгы менен бекитилген.