Интеллект тесттери - тестирлөөнүн бул түрү азыркы кезде дүйнөлүк практикада кенен жайылтылган деп эсептелет.

Мындай тесттер сыналуучунун интеллектуалдык деңгээлин аныктоого арналган. Көпчүлүк Интеллект тесттерде атайын даярдалган бланкаларда түшүнүктөрдүн логикалык байланышын табуу, классификациялоо, анализдөө жана жалпылоо аракеттеринен турган, өздөштүрүлгөн түшүнүктөрдүн жаңы абалда колдонулушуна ылайыкталган тапшырмалар берилет. Сыналуучу өзүнүн жообун жазуу түрүндө берет, же болбосо даяр жооптордун ичинен туурасын тегеректейт.

Жалпысынан алганда, Интеллект тесттери сыналуучунун акыл-эсинин өсүш деңгээлин аныктай алат. Ал эми интеллектуалдык деңгээлин аныктоонун негизги критерийлеринен болуп, түшүнүктөр, терминдер жана алардын арасындагы байланыштар, билгичтиктер жана көндүмдөр эсептелет.

Сыналуучунун интеллектуалдык деңгээлин аныктоонун сандык көрсөткүчү катары интеллектуалдык коэффициент (IQ) түшүнүгү 1912-ж. америкалык психолог Л.Термен тарабынан негизделген. Интеллектуалдык коэффициент (IQ) төмөндөгү формула боюнча эсептелет: Мында, МА – сыналуучунун акыл курагы, СА – сыналуучунун хронологиялык курагы (жашы).


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,