Интернационалдар - Социалисттик көз-карашка ээ болгон индивиддер менен бул агымга кирген уюм жана өлкө өкүлдөрү чогулган эл аралык жыйналыштын аталышы.

Интернационалдар деген сөз жыйналышты билдирүү менен бирге ошол эле учурда уюмду да билдирүү үчүн да колдонулат.

Бүгүнкү күнгө чейин 4 интернационал курулган.

1. Биринчи Интернационал 1864-1876-жылдары түзүлгөн. Борбору Лондондо жайгашкан болчу. «Эл аралык жумушчулар кызматташтыгы» деп аталат. Мунун жол башчысы Карл Маркс болуп, уюмдагы француз делегаттарынын тобу айрыкча активдүү болгон. Бул уюм 1868-жылы Брюссель жана 1869-жылы Базель конгресстери өткөрүлгөн.

2. II Интернационал 1889-жылы түзүлгөн жана борбору Брюсселде жайгашкан. 1914-жылга чейин өмүр сүргөн. Уюмдагы социалисттер көз-караштары дал келбегендиктен улам бөлүнүп кетишкен. Бул интернационалдардын да 1893-жылы Зюрин, 1904- жылы Амстердам, 1912-жылы Басел конгресстери болуп өткөн. Бара-бара пикир келишпестиктерден улам бул уюм кулап, ордуна башка жаңы топтор пайда боло баштаган.

3. Үчүнчү Интернационал В.И.Ленин тарабынан 1919-жылы Москвада негизделген жана «Коминтерн - Коммунисттик Интернационал» деп да аталган. II интернационалдагы бөлүнгөндөрдүн бир тобу ушулар болчу. (Башка тобу болсо кийинчерээк Социалист Интернационал болуп аталган). Коминтерн II Дүйнөлүк согуш маалында Россиянын батыштыктар менен өз ара биргелешкен мезгилинде аларды ыраазы кылуу максатында 1943- жылы таратылган. Кийинчерээк согуштан кийин 1947-жылы Россиянын жол башчылыгында жана көзөмөлүндө буга окшош Коминформ аттуу жаңы бир уюм негизделген.

4. II Интернационалдын социал-демократ тобу тарабынан 1923-жылы Гамбургда негизделген. Бул уюм II Дүйнөлүк согуш маалында таралууга аргасыз болгон, бирок кийинчерээк 1951- жылы кайрадан негизделген. Кыркка жакын өлкөнүн социалисттик партияларынын негизинде уюшулган бул уюмда кээ бир орток темалар да макулдашуу болсо да, ар бир партия өз алдынча эркин иш-аракет кылууга укуктуу болгон. Бул Интернационалдын жыйналыштары дале улантылууда. Бул уюм Социалисттик Интернационал деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9