Интернетте издөө (Internet search - Поиск в Интернете). Интернетте иштөөнүн бирден бир максаты колдонуучунун компьютери аркылуу Интернет-серверлерге жетүү менен ал серверлерден өзүнүн компьютерине керек маалыматтарды окуп алуу эсептелет. Издөөнү жеңилдетүү максатында атайын издөө серверлери түзүлгөн. Алар башка Интернет-серверлер, WEB-сайттар жана барактардын мазмуну жөнүндө берилиштер базасын жыйнайт. Издөө серверлеринде издөөчү програмдар жайгашкан, алар издөө системдери же издөө машинелери деп аталышат. Ачкыч сөздү киргизүү же кийишилген менюлар системи аркылуу керектүү Интернет-серверин же WEB-сайты табууга болот. Издөө системдер тизмеси китептин аягында келтирилген. Ар издөө системде жаңы Интернет даректи кошуу мүмкүнчүлүгү каралган. Даректи кошуу үчүн сайт (орун) ээси анкет толтурат, анда web-дарек, сайт аты, ачкыч сөздөр көрсөтүлөт. Издөө системдеринин көбү автоматтык түрдө иштешет жана аларды издөө роботтору деп атап коюшат. Сайттын WEB-дарегин (URL) киргизилсе робот сайттын бардык барагын автоматтык түрдө индекстештирип коет.

Колдонулган булак түзөтүү

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак."КОМПЬЮТЕР жана ИНТЕРНЕТ Энциклопедиялык окуу куралы". Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.