Интерференция (лат. inter – өзара, жана ferio – тиешелүү, жакындайт) - кош тилдүүлүктөгү тилдер системасынын байланышы. Алар башка тилди үйрөнүүдөн жаралат да, ошол тилдин системасы менен нормасынан четтеп, ката катары кабылданат.

Интерференция - эки тилде сүйлөгөн адамдын тилинде башка тилдеги сөздөрдүн акцент болуп калышы же эне тилдин таасири астында экинчи тилдин нормасынын жана грамматикалык туура системасынын бузулушу катары мүнөздөлөт. Ал туруктуу же туруксуз болушу мүмкүн. Интерференция тилдин бардык бөлүгүнө мүнөздүү, бирок фонетикада көп байкалат. Интерференциянын негизги булагы болуп карым-катыштагы тилдердин типологиялык айырмачылыгы жана башка тилдеги сөздөрдүн таралуусу, ар түрдүү фонемалык составы, фонемалардын позициялык эрежелериндеги өзгөчөлүк, алардын айкашы, айырмалуу интонациялар, дифференциалдык жана интегралдык белгилер, грамматикалык категориялардагы айырмачылыктар ж.б. эсептелет. Интерференцияпайда болуш механизми боюнча фонологиядагы өзгөрүүлөргө окшош.

Тектеш тилдердеги аралашкан тыбыштар (субституттар) интерференцияда диафоникалык тыбыштар деп аталышат. Ал эми эне тилдеги тыбыштар экинчи бир тилдеги тыбыштар менен алмашса, диафон деп аталат. Ушул сыяктуу кубулуштар морфологияга да, лексикага да тиешелүү. Ошондуктан диаморфия жана диасема байланышы жөнүндө да сөз кылууга болот. Мурда пайда болгон Интерференция тил системасында субстрат жана суперстрат түрүндө кала берет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4