Интронбелоктун синтези ж-дө тукум куума инфомацияны алып жүрбөгөн гендер. И-дор ДНКнын бөлүгү; структуралык гендердин башка бөлүктөрүнүн - экзондордун, арасында жайгашат. И-дор, экзондор менен бирге алгачкы информациялык - иРНКга, (про-иРНК) көчүрүлүп жазылат. Про-иРНКдан И-дор жетилген иРНКнын пайда болуусунда, атайын ферменттер менен кесилип, экзондор калат. Структуралык ген ондогон И-дорду камтышы мүмкүн. И-дор менен экзондордун кезектешүүсү белоктордун жана тРНКнын молекулаларын маалымдоочу структуралык гендерге мүнөздүү.

Интрон & экзон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү