Инфляциянын себептериинфляциянын келип чыгышын шарттаган себептер. Төмөнкүдөй негизги түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: а) өндүрүштүк чыгымдардын сырьёго, эл аралык товарларга баалардын өсүшүнүн жогорулашы, эмгек өндүрүмдүүлүгүнө салыштырмалуу кызмат акынын бузуу менен өсүшү, финансылык мүнөздөгү чыгымдардын көбөйүшү. Мындай жогорулоо учурунда ишкер пайда алууну камсыз кылуу максатында бул жогорулоону продукциянын наркына кошууга аракеттенет, жогорулоону байкаган ишкерлер да чыгымдардын ушул эле жолуна түшөт, бул чыгымдардын өсүшүнө алып келет. Мындай болбосо конкуренция (атаандаштык) бир ишкана жүзөгө ашырууга ниеттенген бааларды жогорулатуу үчүн кедерги болуп эсептелет. Чет өлкөлүк өндүрүш продукциясынын конкуренциясы ушундай эле роль ойнойт; в) суроо-талаптын көптүгү. Сунуш менен сурооталаптын ортосунда айырма чыгышы мүмкүн. Суроо-талап өндүрүштүн көлөмүнөн ашып кеткен учурларда (мисалы, экспансиялык кредиттикакча же бюджеттик-салык саясатын жүргүзүүяүн натыйжасында), сатуучулар суроо-талапты төмөндөтүүгө же башка өндүрүүчүлөрдүн продукциясына суроо-талапты жүгүртүүгө жардам берүү тобокелдигисиз бааларды көбөйтө алышат. Чет өлкөлүк өндүрүштүн продукциясы тараптан конкуренциянын болушу жогорулатуудагы жалгыз чектөө. Мындай конкуренция байкалбаган тармактарда (турак жай фондусу, кызмат көрсөтүүлөр) баалардын жогорулашы олуттуу болушу мүмкүн; с) монополиялык баа түзүү монополиялык пайдалардын өсүшүнө жана пайдалардын инфляциясына алып келет. Бул себептер Кейнс мектеби тарабынан байкалган. Инфляциянын таралышынын монетардык модели аны акча массасын түзүүнүн ашыкча болушунан издейт; d) Акча массасын түзүүдөгү ашыкчалык. Акчалардын сандык теориясынын теңдемесине кайрылалы: М* V=P*Y, бул теңдеменин темптик жазуусу төмөнкүдөй түрдө көрүнөт: M,% +V,% =Р,% + Ү, %; мында: М акча массасы; V акчаларды жүгүртүү тездиги (ылдамдыгы); Р*Ү улуттун кирешесинин көрсөткүчү. М,% акча сунушунун өсүшү, % менен; V,% акча жүгүртүү ылдамдыгынын өсүшү, % менен; Р,%баалардын өсүшү, % менен; Ү,% өндүрүш көлөмүнүн өсүшү, % менен. Сандык теориянын теңдемесинен мындай теңдемени камсыз кылуу үчүн акчалардын массасы товарларды чыгаруунун өсүшүнүн даражасындай көбөйүшү керек экендиги көрүнүп турат. Андай болбосо, артык баш акча эмиссиясы көбүрөөк суроо-талапка, «Р» көрсөткүчүнүн өсүшүнө, башкача айтканда инфляцияга алып келет (монетаристтер акчаларды жүгүртүү ылдамдыгы туруктуу деген көз карашты карманышат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү