Инь Ян Цзя – Байыркы Кытайда биздин заманга чейин 6–3-кылымдарда пайда болгон жана гүлдөп өнүккөн натура философиялык мектеп. Бул окууга ылайык, бүтүндөй материалдуу дүйнө суу, от, дарак, металл, жер сыяктуу беш стихиядан же баштапкы элементтерден турат.

Жаратылыштын мындай элементтери тууралуу эң алгачкы түшүнүктөр дүйнөнү таанып-билүүдөгү адамдын алгачкы ийгиликтери менен өтө жөнөкөй тажрыйбанын натыйжасында пайда болгон. Алар дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн жаратылыштын бир нече негизги элементтерине алып барып такаган алгачкы аракеттерди чагылдырган.

Биринчи кезекте адам күнүмдүк турмушта көп урунган нерселерди бөлүп көрсөткөн. Аларды байыркы кытайлар “беш табигый материал” (“уцай”) деп аташкан. Алардын ою боюнча “асман беш табигый материалды” пайда кылган. Алардын бардыгы тең адамдар тарабынан колдонулат. Беш табигый материал катары айтылып өткөн: суу, от, металл, дарак (тагыраак айтканда өсүмдүктөр дүйнөсү) жана жер эсептелген. Өлкөнү башкарууда “беш материалдын” айкалышын жөнгө салуу зарыл. Бирок, бул учурда “табигый материалдардын” катарына кылкандуу данды да кошуп, алардын бардыгын “жаратылыштын алты кени” (“люфу”) деп аташкан. “Жаратылыштын алты кенин, үч ишмердүүлүктү (өлкөнү) башкаруунун тогуз чөйрөсү деп атайбыз, суу, от, металл, дарак, жер, кылкандуу дандарды - жаратылыштын алты кени деп атайбыз, даанышманды оңдоо (тарбиялоо – автор), керектүү пайда алып келүү, турмушту байытуу - буларды үч ишмердүүлүк деп айтабыз.Ошентип, натура философтор баштапкы элементтер аркылуу жаратылыштын табигый кубулуштарын гана эмес, коомдук турмушту да түшүндүрүүгө аракет жасашкан. Мисалы, “Шу цзинде” өлкөнү башкаруу, эл турмушун суу, от, металл, дарак, жер жана кылкандуу дан менен камсыз кылмайынча мүмкүн эмес деп айтылат. Аталган мектептин чегинде материалисттик окуу андан ары да өнүктүрүлгөн. Өзгөчө бул окуу Цзоу Яндын (биздин заманга чейин 3-кылымда) философиясындагы негизги темага айланган.

Ал өз ара байланышкан жана аракеттенген жогорудагы беш элементтин негизинде ааламдын өнүгүшүнүн бүтүндөй бир концепциясын түзгөн. Беш элементтин ортосундагы байланыш дидактикалык мүнөздө берилип, “өмүр менен өлүмдүн” байланышын чагылдырган: дарак отту, от жерди (күл), жер металлды, металл сууну (металл буюмдарына шүүдүрүм токтоп калат), суу даракты жаратат. Ошону менен өмүрдүн айлампасы туюкталат. Ушундай эле айлампа өлүмгө карата да иштелип чыккан: дарак жерди, жер сууну, суу отту, от металлды, металл даракты жеңет.

Элементтердин мындай алмашуусуна коомдогу династиялардын башкаруусунун алмашуусу да дал келет. Ар бир династия белгилүү бир элементтин белгиси астында бийликке келген. Бул өзгөрүүлөр баш аламан эмес, белгилүү бир убакыт чегинде мыйзам ченемдүү болуп өтүшөт. Убактысы келе элек болсо, буюмдардын жаралышы мүмкүн эмес”. Байыркы кытай тарыхчысы Сыма Тан натура философтордун жылдын төрт мезгили, дүйнөнүн сегиз өлкөсү, зодиактын он эки белгиси жана жылдын жыйырма төрт сезону тууралуу айткандарын белгилеген.

Натура философтор бирин-бири алмаштырган көп сандаган карама-каршы кубулуштарды чагылдыруу үчүн “инь” жана “ян” түшүнүктөрүн пайдаланышкан, о. эле бул түшүнүктөрдүн бирөөсүнүн кульминациясы (лат. culminis – туу чоку) анын экинчисине өткөндүгүнүн же экинчисинин биринчисине айлангандыгын билдирген.

Биздин заманга чейин 8–5-кылымдарда бул теория “ци” (энергия, жандуу күч) түшүнүгү менен толукталган. “Цзо чжуань” деп аталган кытай булагына мындай деп айтылган: “Теңир алты циге ээ, алар жерге түшүп, беш даамды пайда кылышат, беш түскө кубулушат, дүүлүгүп, беш үндү жаратышат, өтө көп топтолсо, алты оору (коркунуч) туулат. Алты ци болуп инь, ян, шамал, жаан, күн, түн эсептелишет. Алар бөлүнүп, жылдын төрт мезгилин пайда кылат. Алардын ирээти беш сезонду жаратат”. Ошондой болсо да, “Чуньцю” доорунда “инь” жана “ян” кеңири жайылтылып, башка цилерге караганда өз алдынча мааниге ээ болгон түшүнүктөргө айланышат. “Инь” жана “ян” деп асман менен жердин өз ара байланышынын жаратылыш үчүн жалпы болгон мыйзам ченемдүүлүгүн түшүнө башташкан.

Асман менен жердин өз ара аракеттенишүүсүнүн жалпы чагылышы катары “инь-ян” сыяктуу карама-каршылыктардын ар кандай жуптары аркылуу мүнөздөлгөн. ”Инь-яндын” дуализми күн менен айдын, от менен суунун, катуу менен жумшактын, жеңил менен оордун, таза менен кирдин жана башка байланыштарында чагылдырылган. “Ци” термини “Инь-яндын” дуализми тууралуу идеяны гана туюндурбастан, кийинки кытай ойчулдарынын окууларында кеңири колдонулган. Үн жана даам циден жаралышкан. Ооздогу ци сөздү, ал эми көздөгү ци көрүүнү пайда кылат. Ошентип, даамды, түстү, үндү сезүү “цинин” көрүнүштөрүнөн көз каранды. “Алты ци” жана “беш стихия” тууралуу көз караштардын системасы асман менен жердин карама-каршылыгына жана өз ара негизделген философиянын калыптануусундагы негизги пункт болуп калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү