Иоанн Дунс Скот (1266-1308-ж.чен) - орто кылым схоластикасынын эң ири өкүлү, анын ишмердиги XIII жана XIV кылымдардын чегинде өткөн.

Иоанн Дунс Скот

Кыскача өмүрү

түзөтүү

Ата теги боюнча ирландиялык. 1282-жылы францискандык орденге мүчө болуп кирген. Оксфорддо, Париж университетинде билим алат. Оксфорд жана Париж университеттеринде философия менен теологиядан сабак берет. Кельнде 42 жашында дүйнөдөн кайтат. Скоттун эң маанилүү эмгеги — «Оксфорддук чыгарма» болуп эсептелет, бул китеп Петр Ломбардскийдин «Сентеций» деген эмгегинин төрт китебине берилген комментарийлерден турат.

Чыгармалары тууралуу

түзөтүү

Дунс Скот чыгармалары түшүнүүгө да, ошондой эле кабылдоого да оор болгон жазуучу жана ойчул. Анын чыгармачылыгынын бул сапаты софист, схоласт дегенди билдирген «дунс» деген ат менен белгиленген. Ал «кылдат доктор» деген ардактуу титул алган, бул анын аргументтеринин кылдаттыгын жана анын ойлорун кабылдоонун татаалдыгын билдирген. Ошол эле убакта америкалык философ Ч.Пирс аны «мурда болуп көрбөгөн эң терең метафизик катарында баалаган. Айрым изилдөөчүлөр Дунс Скоттун философиялык чыгармаларынын спецификалык мүнөзүн — анын так логикалык-гносеологиялык терминологияга умтулганын белгилеп көрсөтүшөт. Мисалы ал абстрактуу жана конкреттүү түшүнүктөрдү айырмалаган. Скот «интеция» түшүнүгүн иштеп чыгат, бул аң-сезимдин таанылып-билине турган обьектиге же таанымдын өзүнө багытталгандыгын билдирүүчү түшүнүк. Ошондой эле ар түрдүү терминдердин маанилерин алмаштыруунун мүмкүнчүлүгүн билдирүүчү суппозиция да «интенция» түшүнүгүнүн предмети болгон.

Дунс Скоттун көз карашы томизмге карама-каршы көз караш катарында мүнөздөлөт. Ал теология менен философияны так айырмалайт: Философия, Скоттун пикири боюнча, билимдердин теориялык тармагын түзөт, ал эми теология — теориялык билим, башкача айткандаадамдын ишмердигин диний жоболорду аткарууга багыттоочу билим болуп саналат. Философияны, же метафизиканы, Дунс Скот жогорку билим катарында карайт. Философия болмушту — бардык бар болуп жашап турган нерселерди, алардын ичинде Кудайды да кучагына алып турган абсолютту изилдеп-үйрөнөт.

Томисттик метафизикага болгон мамилеси

түзөтүү

Дунс Скот томисттик метафизикага каршы чыгып, жашоо (существование) менен маңыздын (сущностью) ортосундагы айырмачылыкты танган. Маңыз жашоонун актысы болуп саналат, ошондуктан жеке нерселерди жаратуу үчүн Кудайдын өзгөчө кийлигишүүсү талап кылынбайт деп эсептейт.

Материя менен форманын өз ара катыш проблемасы Дунс Скотто татаал түрдө баяндалат. Ал материяны актуалдаштыруучу маңызга ээ болгон жана үч ар түрдүүлүктө көрүнө турган нерсе катарында карайт. Форма Скот үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон эмес, Фома Аквинский формага ал нерселерди актуалдаштырган нерсе катарында чечүүчү маани берген; бул боюнча нерселерди индивидуалдаштыруу материяга көз каранды болуп турат. Анын тескерисинче, Скот форманын дал өзү нерселерге индивидуалдуулук берет деп эсептейт. Дунс Скоттун ой-жүгүртүүсүнүн «кылдаттыгы» мурда эле Аристотель тарабынан көтөрүлгөн форма проблемасын чечүү ыгынын дал өзүнөн ачык көрүнөт. Аристотель бир нерсенин формасы интеллект тарабынан таанылып-билиниши мүмкүн деген көз карашта болгон. Бирок проблема универсалдуу форманын айрым индивидуалдык учурларын кантип таанып-билүү керектигинде турат. Аристотель, кийин аны колдогон Аквинат мындай өзгөчөлүктөр материянын ар түрдүү бөлүктөрүнүн жашап бар болуп турушу аркылуу индивидуалдаштырылат, бирок бул таанымды мүмкүн кыла албайт, анткени таанып-билинүүчүлүк спецификалык индивиддеги материяны билүү аркылуу эмес, аныктоо аркылуу ачылуучу форманын маанисине көз каранды болот деп эсептешкен. Дунс Скот бул проблеманы «это- вость» түшүнүгүнө кайрылуу аркылуу чечет. Эгерде «этовосту» материяга эмес, формага таандык нерсе катарында түшүнүүгө болсо, анда аны иш жүзүндө болбосо да принцибинде интеллектуалдык таанылып- билине турган нерсе катарында кароо керек. Мына ошентип, Скот үчүн универсалдуу форма жана индивидуалдык «этовость» Кудай жараткан маңызга таандык жана индивидуалдуулук форманын биротоло толук бүткөн актуалдуулугу болуп саналат.

Дунстун позициясы

түзөтүү

Дунс Скоттун индивидуалдуулукка умтулганы аны номиналисттерге таандык кылууга мүмкүндүк берет, бирок универсалийлер жөнүндөгү маселеде Дунс Скоттун позициясы бир беткей эмес. Скоттун баштапкы позициясы августиандык мүнөздөгү, болгондо да платонизмге ооп турган позиция, бул аны номиналист деп атоого мүмкүндүк бербейт. Бирок, экинчи жагынан, Скот билимдин пайда болушунда сезимдик интуицияга чоң маани берген. Интуиция, Скоттун пикири боюнча, нерсенин индивидуалдуу конкреттүүлүгү чагылган образ аркылуу таанып-биле отуруп, индивидуалдуу нерсенин бар болуп жашап турушун аныктоого мүмкүндүк берет. Интуиция Скотто сезимдик кабылдоо катарында көрүнөт, бул жерде ал августианизмден четтеп кетет. Скоттун пикирине ылайык, абстракциялоо нерселердин сезимдик интуициянын жардамы менен жетишиле турган индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүнөн жалпы түшүнүктөрдү бөлүп алуу аркылуу ишке ашат.

Скоттун адам жөнүндөгү концепциясы өзгөчө кызыгууну туудурат. Адамды тышкы дүйнөнүн бир бөлүгү деп таануу менен, Дунс Скот ошол эле убакта адам эркинин өз алдынча жашап турарына негизденет, адам эрки ар кыл түрдөгү акылга сыярлык аныктамаларга көз каранды эмес жана өзүнүн маңызы боюнча эркин. Ошондой эле Кудай да эркин, ал эч нерсе менен аныкталбаган эркке таянуу аркылуу өзүнүн кудуреттүүлүгүн көрсөтө алат. Бул жерде Скот теңирлик ишмердиктин волюнтаризми жөнүндөгү өзүнүн концепциясын бул ишмердикти интеллектуалдуу ишмердик катарында караган томисттик түшүнүккө карама-каршы коёт.

Скоттун идеясы

түзөтүү

Скоттун идеясы боюнча, дүйнө кандай түрдө жашап турса ошондой түрдө жаратылган, анткени Кудайдын эрки ушундай болгон. Дүйнөдө жакшылык катарында жашап турган нерселер Кудайдын жакшылыкты көздөгөн эрки менен жаратылган. Бул адамдын жүрүм-турумуна да таандык. Адам өзүнүн жакшы иштерин Кудайдын буйругу менен жасайт. Кудайдын эркине толук баш ийүү менен гана адамдын пейили жакшырат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү