Иондук байланыш, электроваленттик байланыш — хим. байланыштар бир түрү. И. б. карамакаршы заряддалган иондор электрстатикалык өз ара аракеттенүүсүнө негизделген. Мындай байланыш щелочтуу металлдар галогенидинде даана байкалат, мис., КF. Д. И. Менделеев мезгилдик системасында группалар жакындаган сайын И. б. күчү азаят. Мис., NaCl караганда . АlCl3 И. б. күчү аз. И. б. мейкиндикте белгилүү бир багыты болбойт, анткени, ар бир ион тегерегинде багыттар б-ча кулондук бирдей күчтөр таасир этет. Карама-каршы заряддуу эки иондор өз ара аракеттенишсе, алар бири-биринин зарядынын күчтүк талааларын толук канааттандырбайт, себеби ар бир ион башка багыттар б-ча да карама-каршы заряддуу иондор менен аракеттенишет. Демек И. б. каныкпастыгы менен мүнөздөлөт. Кристаллда ар бир ион карама-каршы заряддуу иондун максималдуу санынын курчоосунда болот. Мис., натрий ионунун тегерегинде хлор алты иону жайгашышат. И. б. бирикмелер уюлдуу эриткичтерде жакшы эрийт, диссоцияланат, электр тогун жакшы өткөрүп, электролизденет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү