Ираку (иракв, иракуа, мбулу) — Танзаниядагы эл. Аруша облусунун түштүк-батышындагы Эйяси жана Маньяра көлдөрүнүн ортосунда жашайт. Ираку элине горова же фиоме (Фиоме тоолу районунда), алава же алагва (Бубу дарыянын жогорку агымында), мбугу (Эйяси көлдүн түштүгүндө) тил жана маданият жактан жакын.
Жалпы саны 462 миң адам (2001).

Тил

Эне тили — ираку. Ал тил Афразия макробүлөнүн кушит уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Калгандары христиандар (католиктер, лютерандар) жана мусулмандар.

Чарбалык иштер

Эркектердин негизги кесиби — мал чарбасы (ири жана майда мүйүздүү мал), аялдардын — кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (сорго, элевсина, жүгөрү, буурчак өсүмдүктөрү, жер жаңгак).

Кол өнөрчүлүк

Килемдерди жана себеттерди токуу, терилерди иштетүү, булгаарыдан буюмдарды жасоо өнүккөн; жыгачтан оюу, жез буюмдарын жасоо.

Колдонулган адабият түзөтүү

Калиновская, К. П. Ираку // Народы и религии мира / Ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская энциклопедия, 1999. с. 193.

Булактар түзөтүү