Иран астрономиясынын тарыхы

Иран астрономиясынын тарыхы түзөтүү

Аалгачкы жылдыз төлгөдөн орто кылымдагы обсерваторияларга чейин түзөтүү

«Оо балам, билгин жана кабардар бол, эгер сен жылдыз төлгөчүлөрүнөн болсоң математика илимине чоң көңүл бур, анткени божомолдоо илими чексиз, аны толук бойдон катасыз билүү мүмкүн эмес, эч ким ката кетирмейинче так айта албасын билгин. Бирок, кандай болгон учурда да жылдыздарды изилдөө, келечекти айта билүү жылнама түзгөндөй эле пайдалуу. Келечекти айтпай кою мүмкүн эмес болгондуктан, жогорудагы илимдин негизин жакшылап окуп, жылдыз төлгөсүн түзүүдө жогорку чеберчилике жет. Анткени сенин келечекти айтканың планеталардын жылнамасы жана жылдыз төлгөсү так түзүлгөндө гана ийгилике жетишесиң. Кей Кавус, табаристан өкүмзары, «Кабус наме» чыгармасынын автору өзүнүн шакиртине жогоркудай насаат айткан. Кей Кавус өзүнүн китебинин “Жылдыздар жана геометрия илими тууралуу” бөлүмүндө Ирандын бир канча кылымын камтыган астрономиялык салтын тастыктаган.

Зороастризм дининин ыйык китеби, Авестанын кээ бир бөлүктөрүндө асман күчтөрү тууралуу эскерилет: “Яшты” бөлүгүндөгү бир катар гимндер Күнгө, Айга, Асманга жана Тиштрия, Сириус жылдызына арналган. Бирок Иран аймагындагы алгачкы астрономиялык теориялардын башталышы Улуу Кир басып алгандан кийинки Ахамениддер империясына кошулган Месопотамиялыктарга тиешелүү болгон. 

Вавилон астрономиясынын салттары Иран аймагында үстөмдүүлүк абалда турган: мисал катары жазууларда сакталып калган алгачкы Ахамениддер жылнамасы Вавилон жылнамасы менен айкалыштырылган. Парфян доорунда Ирандын чыгыш тарабында вавилон салттык астрономия жана көз ачыктык тармактарын окушканын байкоого болот. Бул тууралу кытай саякатчысы Сыма Сяндын (б.з.ч. 145-86-жылдар) эскерүүлөрүнөн карап, төмөнкүдөй тыянак чыгарса болот, Хань династиясынын доорундагы астрономиялык жана планетардык окуу жана изилдөөлөр месопатамиянын таасири алдында өөрчүп өнүккөн.

Жаңы булактар түзөтүү

Б.з. III-кылымында алгачкы Сасанид өкүмзарларынын буйругу менен грек жана индус тилиндеги астрономиялык, астрологиялык эмгектер перс тилине которулган. Алардын ичинде Дорофей Сидонский, Веттия Валента, ошондой эле орто кылымда Farmāsb ысымы менен белгилүү болгон индус астрономунун эмгектери бар эле. Андан сырткары Клавдия Птолемейдин азыркы учурда “Альмагест” аты менен таанымал болгон эмгеги которулган. Белгилей кетчү жагдай, бул ат орто кылымдагы Европага арабташкан формада келген: Птолемей тарабынан жазылган китеп “13 китептеги математикалык жыйнак” деп аталган, кийинчерээк (болжолдуу түрдө б.ч. III кылымында) «Улуу китеп» деп аталып, «Кичи астрономия» деген ат менен да таанымал. Кеч антикалык эпохада Птолемей китебин «Улуу жыйнак» деп аташкан. Араб тилине «Улуу» деген сөздү которгондо (грекче: мегисте) al-majisṭī айланып, бир ааз убакыттан соң китепти Европага алып барып латын тилинде которушканда Almagest деп аталып калган.

Клавдий Птолемей, эллинистик астроном, астролог, математик. түзөтүү

Аталган эмгектердин орто перс тилинде жазылган нускалары биздин доорго чейин сакталып калган эмес, бирок алар тууралу араб авторлорунун астрономиялык жыйнактарында эскерилген. Перс астрономдору которуу адабиятынан бөлөк, “шах жадыбалын” түзүшкөн. Мындай жадыбалдан жок дегенде эле үч түрү түзүлгөн: алгачкы түрү болжол менен 450-жылдары индия жыйнактарынын таасири алдында, экинчиси 556-жылдары Хосров Ануширвандын буйругу менен, ал эми үчүнчү түрү Сасанид династиясынын акыркы падышасы Йездигер III доорунда түзүлгөн. Бул документтер астрономиялык жадыбал катары асман күчтөрүнүн орун алышын баяндайт.

Астрономия, Астрология түзөтүү

Астрономиялык жыйындардын башка бир маанилүү жанры жылдыз төлгөсү болгон, перс тилинде аны zayč деп аташкан. Айта кетчү жагдай, астрономия жана астрология салыштырмалуу бир канча убакытка дейре бир илим болуп саналган, ошондуктан астрологиялык көз ачуулардын баардыгы астрономиялык эсептөөлөр менен аныкталган.

Сасанид дооруна таандык тарыхый булактардан, ошол доордо астрологиялык келечекти айтуу кандайдыр бир деңгээлде маанилүү болгондугун байкасак болот: көз ачыктар жаш Ардаширге жакшылыктын жышааны болуп төрөлгөнүн жана өкүмзар болорун айтышкан. Бирунинин айтуусу боюнча ар бир падышага жана Нооруз майрамына арналып жылнама түзүлгөн. Араб астроному Касрани өзүнүн эмгектеринин биринде Хосров Ануширванга арналган жылдыз төлгөсүн  сактап калган. Ал «Хосров, Каваддын уулу жана ак сөөк» текстинде өзүнүн жылдыздар жана планеталар тууралуу илимин кошо жазган. 

Атак даңктын туу чокусу түзөтүү

Аббасиддердин башкаруу доорунда сасаниддердин астрономиялык салттары сакталып калган, ал эми перс, грек жана индус тилиндеги чыгармалар араб тилине которулган. Андан сырткары бир катар араб окумуштуулары европа илимине өзүнүн чоң таасирин тийгизген. Мисал катары айтсак, астроном, математик Ал Хорезминин эмгектери XII-кылымда латын тилине которулган. Ал эми IX-кылымда жашаган Мухаммад Фарганинин астрономиялык эмгектери алгач Иоан Севильский андан соң Герард Кремонский тарабынан которулуп XVI-кылымга дейре Европада өз атагын сактап келген.

X-XII-кылымдарда мусулман дүйнөсүндө астрономия илими өз өнүгүүсүн уланткан. Мисал катары Абдрахман Суфинин (903–986) “Жылдыздар тууралуу китеби” (Ketāb ṣowar al-kawākeb al-ṯābeta) чыгармасын атасак болот. Орто кылымдардагы мусулман дүйнөсүндөгү улуу энциклопедист Абу Райхан Бируни астрономия, астрология илимдеринин ар кыл аспектери, өлчөө ыкмалары жана өлчөөгө керектүү аспаптар тууралуу бир топ эмгектерди калтырган. Ал эми Батышта, акын катары таанымал болгон Омар Хаямдын так жылнамасын негизги салым катары баалашат. Селжук султаны Малик шах Хаямдын башкаруу доорунда астрономдор тобунун башында турган, анын натыйжасында азыркы григориан жылнамасынан бир кыйла тагыраак астрономиялык “Малик шахтын жылнамасы” эмгегин түзгөн.

Жылдыздарды изилдөө түзөтүү

1259-жылы монгол ильханы Хулагунун уруксаты менен Ирандын ошол замандагы борбор шаары Марагеге атактууу окумуштуу Насир ад дин Тусиге арналып жылдыздарды иликтөөчү мекеме курулган. Тарыхчы Рашид ад Диндин маалыматы боюнча ошол замандагы дүйнөдөгү эң чоң жылдыз иликтөөчү мекеменин курулушу жети жылга созулган. Монгол кол башчысы өзүнүн кол алдындагыларга Тусинин айтканын аткарууну буйрук кылган. Анын натыйжасында Мараге шаарына башка шаарлардан табылган баардык астрономиялык кол жазма жана аспаптарды алып келишкен, ошондой эле башка шаарлардан атактуу окумуштуулар да чакырылган. Бир канча курулуш борборлорун ээлеген иликтөө жайында чоң китепкана, ошондой эле Насир ад Диндин буйругу менен жасалган өлчөө аспаптары орнотулган. Астрономдордун изилдөөлөрүнүн натыйжасы “Ильхан жадыбалына” киргизилген, анда 12 жылдык изилдөөлөрдүн маалыматы камтылган.

Мусулман дүйнөсүндөгү башка атактуу жылдыз иликтөө мекемеси Тимурдун небереси Улукбек тарабынан Самарканд шаарында курулган. Улукбектин устаты атактуу математик Кази заде Руми болгон, ал өз шакиртине жаш чагынан баштап так илимге кызыгуусун арттырткан. Улукбек Мараге шаарына болгон сапарында шаардын жылдыз иликтөө мекемесинен аябай таасир алган, кийин Самарканддын башчысы болгондо Марагедегидей жылдыз изилдөө борборун курууну баштаган. Мекеменин ишине өз доорунун атактуу астрономдору Жамшид ал Каши жана Али ал Кушчи тартылган. Алардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында Улукбектин жылдыздар тизмеги жарыка чыгып, анын “Гургандык” аты менен белгилүү эмгек; анда 38 жылдыздар тобуна бөлүнгөн 1018 жылдыз тууралуу маалыматты табууга болот.