Иркут
Иркут – Россиядагы дарыя. Бурятия менен Иркут облусунда, Ангаранын сол куймасы. Узундугу 488 км (Кара Иркут дарыясынын башатынан), алабынын аянты 15 миң км2. Чыгыш Саян тоолорунан башталып, Тункин өрөөнү, төмөн жагында босоголуу капчыгай аркылуу агат. Суусунун орто чыгымы 140 м3/сек. Сал агызылат. Чатында Иркутск шаары жайгашкан.
Иркут
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 488 км |
бассейндин аянты | 15 000 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
ОМСР | 16010100212116200000202 |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5