Исабаев Акылбек (1930, Суусамыр өрөөнү - 1998, 1-Май кыштагы) - эмгек ардагери.

Мектепти аяктагандан кийин Суусамырда уюшулган кызыл үйдө китепканачы, чарбанын эсепчиси (учётчик), айылдык кеңеште катчы, кийин төрагасы болуп шайланат.

Андан соң Чүй облусунун Кант районуна караштуу Ысык-Ата совхозунда Суусамырдагы мал чарба бөлүмчөсүнүн башкаруучусу болуп көп жылдар бою (1960-1972) иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Шааболот уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9