Исаев, Акыбай (1932-ж. т., Ысык-Көл району, Бостери айылы -- 1999, Бишкек) — географ, география илимдеринин доктору (1989), профессор (1990).

1953-ж. КМУну бүтүргөн.
1953— 55-ж. Кыргыз ССР Пландоо комитетинде улук экономист.
1955—58-ж. КМУнун география факультетинде окутуучу.
1961—65-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясында кенже, улук илимий кызматкер.
1965—87-ж. КМУнун география факультетинин деканы, 1987-жылдан география жана туризм кафедрасынын башчысы, ошол эле кафедрада профессор.

Исаев 115тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, анын экөө авторлош) автору. «Кыргызстандын географиясы» окуу китебинин авторлорунун бири. Илимий изилдөөлөрү республикада техникалык өсүмдүктөрдүн өсүшү жана аларды рационалдуу пайдалануу, агрардык өнөр жай комплексинин аймактык жактан уюштурулушу, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана коргоо жана башкага арналган.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1985).


1999-жылы Бишкек шаарында каза болгон.

Анын иниси - айтылуу социолог, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору, профессор, Орусия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билимге эмгек сиңирген кызматкери Кусейин Исаев (1937--2023). [1]


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.azattyk.org/a/kusein-isaev---kyrgyz-sotsiologiyasynyn-atasy-mekenchil-mudaris-ele/32343489.html