Исаков, Сабатар
Исаков Сабатар — Обончу Исаков Сабатар Талас районунун Орто-Кошой айылында 1954-жылы 7-мартта туулган. 1973-жылы Асанбек Оторбаев атындагы мектепти аяктап Манас колхозунда жумушчу, 1976-жылы Манас айылында тракторчу, 1979-жылы ошол эле айылда клуб башчысы болуп иштеген. 2005-жылы республикалык “Эл ичи, өнөр кенчи” телефестивалына катышып күмүш медалына татыктуу болгон, 1984-жылы облустук обончулардын кароо-сынагында экинчи даражадагы диплом менен сыйланган жана дагы көптөгөн кароо-сынактарда байгелүү орундарга жетишкен.
«Алдаба куру бекер сөзүң менен» сыяктуу элге кеңири тараган ырынан баштап, 50дөн ашык обондорду жараткан жана алардын 15тен ашыгы Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|