Исар, Езер – 17–18-кылымдардагы енисей кыргыздарынын административдик-башкаруу бирдигинин аталышы. Исар улусуна Кыргыз жеринин (Хонгорайдын) ортолугундагы Енисей, Абакан дарыясынын чаты, андан Огур дарыясына чейинки жерлер кирген. Исар ичкерки, ичкилик, чыгыш тараптагылар дегенди да туюнткан. Исар улусунун бектери Ерба жана Абакан дарыялары кошулган жерлердеги өрөөндө жайгашкан. Бул улустагы кыргыздардын кыштым капчыгайлары Енисей дарыясынан төмөн карай Усей, Мана, Качы ж. б. дарыялардын өрөөндөрүн камтыган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.