Исиркек
Исиркек – бул теридеги жана былжырлуу кабыкчадагы ар түрдүү (жабалактап чыккан элементтер) бүдүрлөрдүн пайда болушу. Алар көлөмдүү (папилломалар, калдар, фибромдор, ириңдүү жаралар), жалпак (курактык кератомала, папулалар, кабыктар) же теринин деңгээлинде (тактар, эритема, пигментация) болушу мүмкүн.
Исиркек элементтери көлөмү жагынан төөнөгүчтүн башындайдан тартып бир нече сантиметрге чейин айырмаланат. Пайда болуу механизми жагынан – бул теринин сырткы же ички уулуу заттарга, зат алмашуу азыктарына, бөлүнүүчү клеткаларга карата иммундук көзөмөлдүн начарлашына жооп кайтаруусу. Бул жышаан инфекциялык ооруларда, тери жана жалпы соматикалык патологияда келип чыгат.
Теридеги исиркек, дээрлик дайым ыңгайсыздык, кычышуу, кызаруу, түлөп түшүү, кээде менен коштолот. Оорунун диагнозун аныктоодо исиркектин морфологиялык элементтерин аныктоо олуттуу мааниге ээ. Муну квалификациялуу врач-дерматолог гана ишке ашыра алат[1].
Исиркектин себептери.
түзөтүүТериде же былжырлуу кабыкчада исиркек пайда болушу мүмкүн болгон оорулардын бир нече тобу бар.
Исиркектин көбүрөөк кездешкен себеби (кызамык, кызылча, суу чечек, скарлатина, герпес, инфекциялык мононуклеоз, инфекциялык эритема ж.б.). Исиркектен тышкары, сөзсүз түрдө башка жышаандар да кездешет: оору жуккан адам менен байланыш, оорунун курч башталышы, дене табынын жогорулашы, табиттин жоголушу, калтыратма, ооруксунуулар (тамак, баш, курсак), мурундан суу агуу, жөтөл же ич өтүү.
Исиркек аллергиянын жышааны болгон учурлар да сейрек эмес. Аллергиялык исиркекти инфекция жышаандары жана аллергия булагы болгон байланыш жок болгон учурда шектенүүгө болот. Бул тамак-аш азыктары (цитрус жемиштери, шоколад, бал ж.б.), дарылар, химиялык заттар (боёк, атырлар, кир жуучу порошоктор ж.б.), жаныбарлар (мышыктар, иттер). Ушундай жол менен исиркек аллергиянын негизги түрлөрүнүн чагылышы болушу мүмкүн – тамак-аш азыктарынан, дарылардан, дем алуу
(респиратордук) жана байланышта болуудан.
Кан-тамыр ооруларында исиркек негизги эки себептен улам пайда болушу мүмкүн.
- Кандын уюу процессине катышкан тромбоциттердин санынын азайышы же аткаруу милдеттери бузулушу.
- Кан тамырлардын өткөргүчтүгүнүн бузулушу[2].
Исиркек эмнеден пайда болушу мүмкүн?
түзөтүү- Дары препараттары Исиркек дарынын иш-аракетине карата жагымсыз натыйжадан же аллергиялык реакциядан улам пайда болушу ыктымал. Ошондой эле кээ бир антибиотиктер жарыкка сезгичтикти пайда кылышы мүмкүн. Таасирге кабылган адам, күндүн жарыгына көбүрөөк сезгич болуп калат, ал эми сырткы көрүнүш күнгө күйүп калууга окшош.
- Инфекциялар Грибоктор, вирустар жана бактериялар да исиркектин пайда болуу себеби боло алышат. Бүдүрлөрдүн саны инфекциянын түрүнөн көз каранды. Эгерде бул грибок инфекциясы болсо, анда теринин бүктөлүштөрүндө пайда болгон исиркек, кычышуу менен коштолот. Эгерде исиркектин мындай түрүнө кабылсаңыз, тезинен врачка кайрылыңыз.
- Аутоиммундук оорулар Аутоиммундук оорунун келип чыгышы иммундук системанын соо ткандарга чабуул коюшунан организмде мүчүлүштүктөр келип чыгышы менен шартталган. Аутоиммундук оорулардын кээ бир түрлөрү исиркек пайда кылат. Мисалы, бөрү жатыш оорусу организмдеги бир нече системаны, анын ичинде терини кошо жабыркатат. Формасы жагынан көпөлөккө окшогон исиркек бетте пайда болот[3].
Терапия
түзөтүүТери исиркегин дарылоо көп жагынан анын себептери аркылуу аныкталат. Аллергиялык таасирде, мисалы, адегенде бейтап үчүн зыяндуу заттар менен байланышты толугу менен чектөөгө алышат. Андан кийин патологиянын жышаандарын жок кылышат.
Исиркектин чыгуусу менен кычышууну азайтуу үчүн, табигый пахта кездемесинен жасалган жылмакай кийим кийүү, дүүлүктүрбөш үчүн; душ кабыл алуу үчүн балдар самынын же гель колдонуу; ошондой эле терини дүүлүктүргөн же аллергиялык таасир көрсөтө турган – жасалгалар, атырлар, косметика, кир жуугуч күкүмдөр, дезодоранттар сунушталат[4].
Атайын диетага да көп кайрылышат. Кан тамырлар менен кан ооруларында ошондой эле атайын дарыларды дайындашат. Бейтаптарга кан куюу же башка процедураларды жүргүзүүлөрү мүмкүн.
Инфекциялык жараларда атайын дары-дармектерди дайындашат. Адатта каражаттарды комплекстүү колдонушат. Алардын бири түздөн-түз инфекция менен күрөшсө, дагы бирлери – оорунун сырткы көрүнүштөрүн жок кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бир катар учурларда, врач бейтаптарга дары терапиясын жана атайын уу заттарга каршы заттарды, ошондой эле иммуноглобулиндерди дайындашы ыктымал.
Маанилүү! Аллергиялык жана башка ар кандай исиркекти дарылоону сыртынан пайдаланылуучу бир гана крем, гелдер, маздар менен дарылоо көп учурда натыйжасыз болуп эсептелет. Бул мындай жол менен патологиянын себептери эмес, жышаандары гана жок кылынары менен байланыштуу.
Кеңири жарнамаланган каражаттарды пайдаланууга жана терапия менен өз алдынча алектенүүгө болбойт! Бул кырдаалды оордотуп жана чыныгы оору картинасын өзгөртүшү мүмкүн, бул болсо диагноз коюуну кыйындатып жана колдогу, буттагы, далыдагы, беттеги жана дененин 13 башка бөлүктөрүндөгү исиркекти дарылоону адекваттуу дарылоону баштоону создуктурат[5].
Шилтемелер
түзөтүү- .https://medongroup-spb.ru/branches/symptoms/dermatology/syp-na-D0%B0%D0%B7%D0%BB%D0%B8%D1%87%D0%BD%D1%8B%D0%B5%20%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0%B7%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%8F%20(%D0%B2%D1%8B%D1%81%D1%8B%D0%BF%D0%BD%D1%8B%D0%B5,%D0%BF%D1%8F%D1%82%D0%BD%D0%B0%2C%20%D1%8D%D1%80%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BC%D0%B0%2C%20%D0%BF%D0%B8%D0%B3%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D1%82%D0%B0%D1%86%D0%B8%D1%8F).(жеткиликсиз шилтеме)
- https://medportal.ru/enc/dermatology/symptoms/452/ Archived 2017-06-12 at the Wayback Machine
- https://onclinic.ua/blog/chto-mozhet-vyzvat-syp
- https://medportal.ru/enc/dermatology/symptoms/452/ Archived 2017-06-12 at the Wayback Machine
- https://spb.medsi.ru/articles/bolezni-s-sypyu/
- ↑ https://medongroup-spb.ru/branches/symptoms/dermatology/syp-na- kozhe/#:~:text=%D0%A1%D1%8B%D0%BF%D1%8C%20%E2%80%93%20%D1%8D%D1%82%D0%BE%20%D1%80% D0%B0%D0%B7%D0%BB%D0%B8%D1%87%D0%BD%D1%8B%D0%B5%20%D0%BE%D0%B1%D1%80%D0%B0%D0 %B7%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%B8%D1%8F%20(%D0%B2%D1%8B%D1%81%D1%8B%D0%BF%D0%B D%D1%8B%D0%B5,%D0%BF%D1%8F%D1%82%D0%BD%D0%B0%2C%20%D1%8D%D1%80%D0%B8%D1%82%D0% B5%D0%BC%D0%B0%2C%20%D0%BF%D0%B8%D0%B3%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D1%82%D0%B0%D1%86%D0% B8%D1%8F).
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 12 -июнь (кулжа) 2017.
- ↑ https://onclinic.ua/blog/chto-mozhet-vyzvat-syp
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 12 -июнь (кулжа) 2017.
- ↑ https://spb.medsi.ru/articles/bolezni-s-sypyu/