Искусстволордун королдук коому

Искусстволорду, өндүрүштү жана сооданы колдоонун королдук коому (RSA) – Лондондо негизделген британдык уюм, ал социалдык көйгөйлөрдү иш жүзүндө чечүү жолдоруна умтулат. 1754-жылы Уильям Шипли Искусстволорду, өндүрүштү жана сооданы колдоо Коому катары негиздеген, 1847-жылы ага Королдук хартия жана укук берилген жана 1908-жылы Эдуард VII "королдук" деген терминди колдонгонго укук берген. Толук ысымына караганда кыскача түрү, "Искусстволордун королдук коому" жана тийиштүү акроним RSA көбүрөөк пайдаланылат.

Чарльз Диккенс, Адам Смит, Бенжамин Франклин, Карл Маркс, Уильям Хогарт, Жон Дифенбейкер, Стивен Хокинг, Бенсон Тейлор жана Тим Бернерс-Ли – булар өткөндөгү жана азыркы кээ бир белгилүү стипендианттары жана бүгүнкү күндө анын дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн стипендианттары тандалат.

RSA сыйлыгы үч медалдан турат: Альберт медалы, Бенжамин Франклиндин медалы (2013-жылы Кеңештин чечими боюнча Бенжамин Франклиндин медалы эми АКШ RSA үчүн көзөмөлдөйт, бирок сыйлыкка акыркы көрсөтүүнү Улуу Британиянын Кеңеши жасайт) жана Эки жүз жылдыктын медалы. Бул медалды жеңип алгандардын арасында – Нельсон Мандела, сэр Франк Уиттл жана профессор Стивен Хокинг бар. RSA мүчөлөрү адамдык билимдин новатордук катышуучулары болуп саналышат, аны англис тилинин Оксфорддук сөздүгү күбөлөндүрөт, анда "туруктуулук" деген терминди биринчи жолу экологиялык мааниде 1980-жылы RSA журналында колдонулганы жазылган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү