Исламов Юрий Верикович түзөтүү

Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Исламов Юрий Верикович (1968, Базар-Коргон районуну, Гүмкана кыштагы.-1987, Афганстан) -жоокер-интернационалист, кенже сержант, Советтик Союзунун Баатыры (1988). 1986-жылдан КПСС мүчөлүгүнө кандидат. 5-класска чейин Мичурин атындагы мектепте (Арстанбап кыш.) окуган, кийин Свердлов областынын Талица шаарындагы № 55 орто мектепти бүтүргөн. 1985-жылы Урал токой-техникалык институтуна өтүп, анын 2-курсунан Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1987-жылы 31-октябрда буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча атышкан, акыркы гранатасы менен курчап алган душмандарды өзү менен кошо жок кылган.Талица шаарында эстелик тургузган.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени, “Каармандыгы үчүн” медал менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.