Ислам конференциясы уюму

Ислам конференциясы уюму - 1969-жылы сентябрь айында Марокконун борбору Рабат шаарында Ислам өлкөлөрүн бириктирүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм.

Анын 57 мүчөсү бар жана Европа Уюму же БУУ сыяктуу эле юридикалык тарап болуп эсептелет. «Кудайдын чиркөөсү» (Church of God) аттуу диний жолдо жүргөн жөөт улутундагы Денис Майкл Рохан аттуу австралиялык киши 1969-жылы 21-августта Акса Мечитин өрттөп жиберүүгө аракеттенгенинен улам Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилери ИКУну түзүүгө чечим чыгарышкан. Бул уюмдун БУУда туруктуу өкүлчүлүгү бар. Ислам өлкөлөрүнүн Пакистанда болуп өткөн II Жыйынында Ислам Өнүктүрүү Банкын куруу пландаштырылат. Бул жыйындан кийин ИКУнун финансы жана экономикалык иштер боюнча министрлери 1973-жылы болуп өткөн Сидде чогулушунда финансы жана валюталык фондду курууну сунушташкан.

Акырында ИКУнун 1975-жылы 20-октябрдагы саммитинде Ислам Өнүктүрүү Банкын курууга чечим кабыл алынган. Азыркы учурда ИКУ ислам дүйнөсүн бириктирген маанилүү уюм болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9