Исландия депрессиясы, Исландия минимуму – Атлантика океанынын Түндүк бөлүгүндөгү атмосферанын төмөнкү басымдуу облусу. Түндүк жарым шардагы атмосферанын аракеттеги негизги борборлорунун бири. Негизинен кышкы мезгилде болот. Исландия дарыясынын таасиринен Атлантика океанынан соккон нымдуу аба Батыш Европанын басымдуу бөлүгүндө деңиздик климаттын түптөлүшүнө өбөлгө түзөт. Климаттык карталарда анын негизги борбору Исландия менен Түштүк Гренландиянын аралыгына жайгаштырылат. Исландия дарыясынын борборунда январдагы басымдын өлчөмү 1000 гПадан төмөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү