Исмаилов Асейин (1937-ж. т., Жети-Өгүз району, Барскон айылы) — филолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1989).

1961-ж. КМУну бүтүргөн.
1968—69-ж. КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1969—73-ж. СССР ИАнын философия институтунда аспирант.
1974—76-ж. Москвадагы Н. Э. Бауман атындагы Жогорку техникалык окуу жайында, ошол эле мезгилде Н. Э. Циалковский атындагы Москва авиациялык технологиялык институтунда, 1976—85-ж. РСФСР эл агартуу министрлигинин улуттук мектептер илимий изилдөө институтунда (Москва) иштеген.
1978-81-ж. Монгол мамлекеттик университетинде (Улан-Батор) профессор-консультант.
1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы, ошол эле убакта 1987—91-ж. СССР элге билим берүү мамлекеттик комитетинин Жогорку мектебинин "Жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы" илимий изилдөө лабораториясынын башчысы. Анын изилдөөлөрү негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге жана философиялык, социологиялык талдоонун объектиси катары турмуш тиричилик чөйрөсү менен өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.

Исмаилов 170тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография, анын 7си авторлош) автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.