Испан-америка согушу (1898)

Испан-америка согушу (1898) - колонияларды кайрадан бөлүштүрүү үчүн болгон биринчи империалисттик согуш.

Куба жана Филиппинде испаниялык колониалдык эзүүгө каршы чыккан көтөрүлүштөн пайдаланып, АКШ өкмөтү Испанияга ультиматум жарыялап, Кубадан испандык аскерлерди алып кетүүнү талап кылган. Испания бул ультиматумду аткаруудан баш тарткан күнү (1898, 21-апр.) АКШ Испанияга каршы согуш ачкан.

АКШ согуш аракеттерин Куба жана Филиппин аралдарында жүргүзгөн. Согушта америкалык флот испан флотун талкалаган. 1898-ж.10-декабрдагы Париж тынчтык келишими боюнча Куба, Пуэрто-Рико, Гуам жана Филиппин АКШга өткөн.

Испан-америка согушунун натыйжасында АКШ келечектеги баскынчылык саясаты үчүн стратегиялык маанидеги аймактарга ээ болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.