Истахри абу Исхак (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб географы. 950-ж.«Мамлекеттин байлыгы жөнүндөгү китеп» аттуу эмгегин жазган. Аталган эмгекти жазууда ал окумуштуу Абу Зейд Балхинин эмгегин пайдаланган.

Анда Арабстан, Иран, Сирия, Египет ж-дө маалыматтар жолугат, о. эле Мавераннахр ж-дө мурда белгисиз маалыматтарды берет. Шаар, айыл-кыштактар, алардын жашоочулары, кесиби тууралуу кеңири баяндалган. Бул маалыматтарды Истахри өзү саякат жасап жүргөн учурда жыйнап, ирээтке келтирген. Орто Азиядагы Фергана, Шаш, Уструшан, Илак, Шельжи, Лабан ж.б. жерлерден казып алынуучу алтын, күмүш, жез,коргошун, мунай, бирюза, асбест, калай, ал эми кыргыздардын аймагынан нашатырь, таш көмүр ж.б. казылып алынгандыгы, о.эле жалпы түркий калкы а. и. кыргыздардын жашаган жери, алардын чоң шаарлары, аймактары: Некад, Миян-Рудан, Жидгил (Чаткал), Ош, Өзгөн, Медва (Мады), Хайлам, Селат, Хафтех ж.б. ж-дө кенен жазган. И-ни бөтөнчө кыргыздар жашаган аймактар, алардын соода-сатык байланыштары кызыктырган.

Кыргыздардын чегарасы ж-дө сөз козгоп, И. кыргыздар тогуз-огуздар, кимактар ж-а Тибет м-н Син (Кытай) мамл-нин ортосунда жайланышкан деп жазат. И-нин чыгармалары иран, араб, орус тилдеринде басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б, 2003