Исфара өрөөнүТүркстан кырка тоосунун Түндүк капталында, Кыргызстан (Баткен облусуындагы Лейлек районунун аймагы) менен Тажикстандын чек арасында. Узундугу 82 км, орточо жазылыгы 32 км. Басымдуу бийиктиги 3200–3600 м, эң жапыз жери 830 м. Өрөөндүн төмөнкү (Түндүк) бөлүгүн адыр сымал жапыз тоолор, жогорку (түштүк) бөлүгүн капталдары тик, кууш капчыгайлуу бийик тоо түзөт. Түндүк жагы палеоген жана неоген мезгилдеринде пайда болгон кум менен чоподон, түштүк бөлүгү көбүнчө палеозойдун кристаллдуу (акиташ теги, сланец, кумдук) тоо тектеринен турат. Климаты континенттик; июль айынын орточо температурасы 21,9°С. Жылдык жаан-чачыны 112 мм, тоолуу бөлүгүндө 200–350 мм. Агын суулары Исфара жана анын куймалары (Каравшин, Кишемиш, Киндик ж. б.). Өрөөндүн башында жалпы аянты 88,7 км2 болгон 34 майда мөңгү бар. Кумдук жана күрөң топурак басымдуу. Түндүк жагына эфемер-шыбактуу чөл жана кургак талаа ландшафттары мүнөздүү; тоо беттеринде бетеге, кылкан чөп, тарак баш жана арча, бадалдуу токой өсөт. Бийик тоолуу бөлүгүн субальп жана альп шалбаалуу талаа тилкелери ээлейт. Өрөөндө Тажикстандын Исфара шаары орун алган. Өрөөн жайыт жана дыйканчылыкка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү