Ис газы (көмүртек кычкылы, СО) түрдүү күйүүчү заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат; түссүз, жытсыз, ууктуруучу касиетке ээ.

Тиричиликте аны менен уулануу мешти жагуу эрежесин бузуунун кесепетинен (морду эрте бүтөп коюу), ошондой эле гаражда иш учурунда же унаанын ичинде түнөгөн учурларда иштеп турган унаанын кыймылдаткычынын түтүнүнө (10%ке чейин ис газынан турат) ууланган учурларда кездешет. Ис газы кандагы гемоглобин менен реакцияга кирип, карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетишсиздиги (кара Гипоксия) пайда болуп, ткандардын дем алуусу жана организмдин бардык мүчөлөрү менен системаларынын иши бузулат.

Ис газына уулануунун белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап алсырайт. Өтө ууланууда акыл-эс элдир-селдир болуп, эстен тануу менен аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүртөн болуп, карышуу башталат. Дарыгерге чейинки биринчи жардам иретинде оорулууну тез таза абага чыгарып, нашатырь спирти сиңирилген кебезди чебердик менен мурдуна жакындатуу, көкүрөгүнө сүртүү, жылуулап жаап, жылыткыч коюп, ысык чай же кофе берүү керек. Андан кийин тез арада дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8