Ителги уя – Соңкөлдүн түштүк-чыгыш тарабында Ителгиуя суусунун оң тарабында жайгашкан эрте темир дооруна таандык тектүү адамдардын көрүстөнү. Мүрзөлөрдүн диаметри 25–30 м, бийиктиги 1–4 м. Чыгыш тарабында 4 км алыстыкта жайгашкан Таштулга менен байланышта болушу мүмкүн. Казып изилденген эмес.

Адабият

түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.