«Иттифак» – Түндүк Кыргызстанда шаардык татарлардын, буржуазия, майда буржуазия катмарларын бириктирген алгачкы уюм. Убактылуу өкмөттүн тушунда түзүлгөн. Октябрь революциясынын жеңиши менен бул уюмда бир топ өзгөрүүлөр болуп, советтерге өтө баштаган. 1918-ж. 5-мартта «Иттифактын» жалпы чогулушунда Совет бийлигин таануу жөнүндө токтом кабыл алынып, большевиктер Х. Хасанов, А.Шарафутдинов бул уюмга Пишпек уезддик советинин өкүлү катары шайланышкан. Уюм буржуазиялык элементтерден тазаланып, 1918-ж. апрелден «Иттифак» татар революциячыл совети аталган, анын төрагалыгына большевик В. Муратов шайланган. 1918-ж. сентябрда уюм таркатылып, анын өкүлдөрү Улут иштери боюнча комиссариатка кирген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.