Бука тартыш
Бука тартыш же ит тартыш — балбандардын күчүн сыноочу элдик оюн. Ортого чыккан эки балбан туюкталган аркандын эки жагын моюндарына илип, төрт аяктап, эки кат арканды эки бутунун ортосунан өткөрүп, экөө эки жакты баштанып, аркандын дал ортосун экөөнүн ортосундагы чийинге так келтирип турушат.
Калыс адам бир, эки, үч деп үн чыгарганда экөө эки жакты көздөй бирин бири сүйрөп кетүүгө аракет кылышат. Кимиси күчкө салып сүйрөп отуруп чийинден өткөрүп кетсе, ал жеңишке жетет.
Манас эпосунда
түзөтүү"Манас" эпосундагы "Билерге сынап жүк артыш, билмекке күчүн ит тартыш", — деген саптар, бул оюн биринчиден байыркы оюндардан болгондугун айгинелеп турса, экинчиден, бул күч сынашуу оюну экендигин билдирет. "Манаста" Букардын каны Темиркан жээни Семетей он экиге толгондо, аны Букарга кан көтөрүп той бергени баяндалат.
Тойго сегиз кан эли чакырылат. Тойдо Кокондон келген Төөбалбан менен Букардан чыккан Акбалбандын ит тартыш – күрөшү өтө таасын сүрөттөлөт. Эл ичинде ит тартыш оюнун:
Кыргыз ойну ит тартыш,
Чындыгында күч сынаш.
Элимдин ойну ит тартыш,
Эзелки оюн күч сынаш, — деп ыр менен даңазалашкан. Азыркы кезде “ит тартыш “ оюнунун көрүнүштөрү, балбан күрөш оюнунун айрым түрлөрүндө колдонулууда[1].
Булактар
түзөтүү- “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
- ↑ Токторбаев Саты “өспүрүмдөр оюндары"