Ичке-Булуң
Ичке-Булуң — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айыл. Липенка айыл аймагына кирет. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, көлдүн ичке булуңуна жакын түздүктө, деңиз деңгээлинен 1660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 29 км Түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 216 км. Калкы 1572 (2007); негизинен мал жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. 0рто мектеп, дарыкана, китепкана бар. Медпункт, мончо, соода түйүндөрү иштейт.
Айыл
Ичке-Булуң
|
Калкы
түзөтүүКалкы ― 1428 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5