Ички аскерлер – КР ИИМдин объекттерди кайтаруу, коомдун, мамлекеттин жана инсандардын кызыкчылыктарын коргоо, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин кылмыш ж. б. укукка каршы колсалуулардан сактоо боюнча аскердик-кызматтык милдеттерди аткарууга багытталган аскерлери. И. а-дин милдети: мамлекеттик маанилүү объектерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу; эмгек-түзөтүү мекемелерин күзөтүү, камалган жана соттолгон адамдарды айдоо; КР ички иштер органдарына коомдук тартипти сактоо боюнча көмөктөшүү; өзгөчө кырдаалдарда коомдук коопсуздукту жана укук режимин камсыз кылуу; КР аймагын коргоого катышуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү