Ич өткөк — тез-тез суюк заңдоо.

Ич өткөк өз алдынча оору болбостон, ал көптөгөн патологиялык процесстердин белгиси катары пайда болот. Анын пайда болушуна катуу кармаган жугуштуу оорулар, мисалы, дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит жана башка); ошондой эле карындын, уйку безинин маңызы, өт жетишсиз болгондогу тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Айрым кишилерде катуу кайгыруудан, коркуудан, кээ бир тамак-ашты (сүт, жумуртка, жашылча-жемиш) сиңире албоодон да болот. Ич өткөк организмден уулуу заттарды, оору пайда кылуучу микроорганизмдерди, чирик продуктуларды жана башка бөлүп чыгарып, организмдин коргонуу реакциясы болуп саналат.

Ич өткөк лабораториялык, бактериологиялык, рентгендик жана эндоскопиялык изилдөөлөр менен аныкталат. Ошондуктан Ич өткөктө эртерээк врачка кайрылып, оорунун белгилерин, өзүнүн абалын так, толук айтып берүү маанилүү. Көбүнчө оорулуулар ооруканага жаткандан коркуп, оорунун белгилерин толук айтышпайт, врачка убагында кайрылбайт. Оорулуу айланасындагыларга жуктуруу коркунучунда же аны ооруканада дарылоо зарыл учурда гана ооруканага жаткырылат. Диагноз коюлганга чейин оорулууну өзүнчө бөлмөгө жаткырып, идиш-аяк, сүлгүсүн бөлүп, майлуу тамактарды, жемиш, сүт бербөө керек. Өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонуу оорунун белгилерин чаташтырып, туура диагноз коюуга тоскоол болот жана анын кабылдоосуна алып келет. Ич өткөктүн алдын алууда тамактануу режимин туура сактоо, тамакты жакшы бышырып, шашпай, майда чайнап жеш талапка ылайык. Өздүк гигиенаны, идиш-аякты таза кармоо, тишти таза сактоо, ичеги-карындын оорусун алдын алуу жана дарылоо зарыл.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8