Ишендирүү (Внушение) – окууга жана башка коомдук пайдалуу иштерге үйрөтүү жана терс жүрүм-турумдан сактоо максатында жүргүзүлүүчү тарбия ыкмасы. Ишендирүү балдарга, чоңдорго, иш аракетине аң сезимдүү кароого, алардын коомдук маанисин туура түшүнүүгө жардам берет. Ишендирүү түшүндүрүү аркылуу жүргүзүлөт, бирок угуучу түшүндүрүүнүн далилдерине ынангандай болушу зарыл. Ишендирүү белгилүү шарттарда башка педагогикалык тарбия берүү ыкмалары менен туура айкалыштырып колдоно билгенде гана таасирдүү болот.

Ишендирүү (Медицина) — дарылоо максатында врачтын бир же бир нече ноокаска көрсөткөн психикалык таасири. Ишендирүү психотерапиянын бир түрү болуп саналат, башкача айтканда психологиялык ыкманын жардамы менен сакайтуу максатын көздөйт. Бул ыкманы колдонуу үчүн ноокастын өзгөчөлүгүн, мүнөзүн, дартын жакшы билүү зарыл. Адамдардын ишеними ар башка, дарылоо алардын жогорку нерв системасынын өзгөчөлүгүнө да байланыштуу. Айрыкча эмоциялык жактан туруксуз, ишенчээк алсыз, өтө чарчап-чаалыккан адамдар тез ишенет. Ишендирүү ноокастын каалоосуна, даярдыгына жана врачтын мамилесине жараша да болот.

Ишендирүү түздөн-түз (сөздүн таасири менен) жана кыйыр (кандайдыр бир дары, процедура жана башкалардын пайдалуулугуна ишендирүү) болуп бөлүнөт. # адам ойгоо турганда жана гипноздук уйку убагында жүргүзүлөт. Гипноз — ишендирип уктатуу. Уктатуу үчүн тынчтандыруучу ыкма (жарыкты бүлбүлдөтүү, жеңил сылоо жана башка) колдонулат, ал ноокас үчүн атайын тандалып алынган сөздөр менен коштолуп туруу керек. Бара-бара адам талыкшып уктап калат. Буйрук берүү менен, мисалы, «Уктаңыз» деп айтып уктатууга да болот. Гипноз өткөрүлүүчү кабинеттин ыңгайлуу шарты: бөлмөнү караңгылоо, ыңгайлуу мебель, бейпилдик жана башка чоң мааниге ээ.

Гипноздоонун узактыгы ар кандай:

  1. жеңил гипноз — адам үргүлөйт, көшүлөт, чыкый салмактанып, булчуңдар бошойт. Бул стадияда ноокас жанындагылар менен байланышын үзбөйт жана сөз таасирине азгырылбайт;
  2. орто гипноз — жаны жер тартып уйкусу келет, уйку-соонун ортосунда бардыгын угуп жатат, бирок жооп бере албайт. Таасирге багынат да, кыймыл-аракети токтойт;
  3. терең гипноз — терең уйкуга кетип, айланасындагыларды укпай калат, ойгонгондон кийин эчтеме эстей албайт. Гипноз невроз оорулууларды, аракечтерди, баңгилерди дарылоодо жана ички органдарды, нервди жөнгө салууда колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү