Ишеним (орус. Вера):

  1. Инсандын жүрүм-турум нормалары менен мамилелерин, айрым ой-жүгүртүүсү менен кылык-жорук, көз карашы менен ой корутундусун аныктаган, кандайдыр бир маалыматты, тексттер менен кубулуштарды, окуяларды толук жана сөзсүз түрдө кабыл алуусун өзүнө камтыган адам психикасынын өзгөчө абалы.
  2. Формалдуу логика менен фактыларга таянган далилдөөлөргө карабастан, кандайдыр бир нерсени же көрүнүштү чындык катарында чечкиндүүлүк менен кабыл алуу.

Бирок ишенимдин аныктыгы эч кандай далилдөөлөргө жатпайт, демек Ишенимдин күчү адамдын айрыкча психикалык абалына негизделип, эмпирикалык эмес дегенди билдирет.

Жалпылап айтканда, субъектинин дүйнө жөнүндөгү, анын андагы орду менен ролу, ал дүйнөнүн байланышы менен мамилеси жөнүндөгү элестерди дайыма жараткан аң сезимдин алдын ала иштөөсүнүн натыйжасы катарында көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү