Ишеним оорулары — бирөө же өзүн өзү ишендирүүдө пайда болгон жаңылыш сезим.

Ал тынчы жок, коркок, өзүн өзү аңдып курулай шектенген адамдарда болот. Дайыма жүрөк заада болуу, оорулуумун деп ойлой берүү, төшөктөгү оор ноокастан сестенүү, бирөөнүн капысынан катуу ооруга чалдыгуусу же өлүмү жөнүндөгү кабар, врачтын айтканын туура эмес түшүнүү (ятрогения) жана башка себеп болушу мүмкүн. Бир канча убакыттан кийин ал адамда, анын оюнча, башка кишиден байкаган же билген оорунун белгилерине окшогон жагымсыз сезим пайда болот. Врачтык текшерүү анда мындай оору бар экенин далилдебейт, бирок чочулаганы, корккону басылбайт жана врачтын айткандарына ишенбейт. Ал ар кайсы врачтарга, адистерге кайрылат, өзүн өзү дарылоо менен алектенет. Түшүнбөстүктөн, жок ооруну өзүнө жабыштыруунун кесепетинен уйкусу, табити начарлайт, көңүлү чөгөт. Акыры чыныгы оорулууга окшоп калат. Бул этапта айрым организмдин функциялары бузулуп, абалы кыйындашы мүмкүн. Бул учурда врач-психиатр кийлигишүүгө туура келет. Мындай ноокас айланасындагылардан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Эгер оорунун башталышында анын божомол ою менен талашууга мүмкүн болсо, кийин анын шектенүүсү күчөп кеткенде, аны ишендирүүгө аракеттенүү терс натыйжа бериши ыктымал. Ноокас көңүл бурбай, көз салбай жатат деп даттанып,) ачуулуу, жашык болуп кетет. Бул учурда оорулуунун жакын адамдары врачтын көрсөтмөлөрүн так аткарып, кылдат мамиле кылуулары зарыл.


Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8